Садыр Жапаров: «Кумтөрдөн» ай сайын бюджетке 500 млн сом түшүп жатат

Садыр Жапаров: «Кумтөрдөн» ай сайын бюджетке 500 млн сом түшүп жатат

«Кумтөр» ай сайын республикалык бюджетке 500 млн сом которуп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 21-октябрда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын республикалык кеңешмесинде билдирди.  

Анын айтымында, 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы келишимде «Кумтөр Голд Компани» геологиялык чалгындоо иштерине дүң кирешесинен 4% аз сарптаган. Айырмасы болжол менен 15-16 млн доллар республикалык бюджетке салык катары төлөнүшү керек болчу, бирок төлөнгөн эмес.

«Тышкы башкаруу киргизилгенден кийин салыктын бул түрү төлөнө баштады, эми ай сайын республикалык бюджетке 500 млн сом түшүүдө», – деди президент.  

Өлкө башчысы билдиргенине караганда, учурда тоо-кен тармагы мамлекетке ай сайын 2 млрд сомдон ашык төлөйт. «Биз бул сумманы бир нече эсе көбөйтүшүбүз керек. Ошондо биз пенсияларды, жөлөкпулдарды жана айлык акыларды олуттуу түрдө көбөйтө алабыз», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда жылдан жылга америкалыктардын сыртка карай агымы өсүп жатат

АКШда жылдан жылга америкалыктардын сыртка карай агымы өсүп жатат

2025-жылы АКШдан 1930-жылдан бери алгач ирет келгендерге караганда кеткендердин көбөйүшү Улуу депрессия мезгилинен бери биринчи жолу катталды. Brookings Institution маалыматына ылайык, аталган жылы таза терс миграциялык өсүш байкалган: болжол менен 150 миң адам өлкөдөн чыгып кеткен. 2026-жылы калктын агымы мындан ары да көбөйөрү күтүлүп жатат. The Wall Street Journal жазгандай,

Муктаж үй-бүлөлөргө жана майыптыгы бар жарандарга колдоо көрсөтүлдү

Муктаж үй-бүлөлөргө жана майыптыгы бар жарандарга колдоо көрсөтүлдү

Кечээ "Ассанабил" коомдук фондунун кеңсесинин алдында социалдык жактан аяр абалда турган жарандарга техникалык жана тиричилик каражаттарын тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чара "Үмүт жарыгы" долбоорунун алкагында уюштурулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Аземге Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары

Жерди көзөмөлдөө инспекторлору боди-камераларды колдоно баштайт

Жерди көзөмөлдөө инспекторлору боди-камераларды колдоно баштайт

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгына ылайык, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү максатында Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору кызматтык милдеттерин аткарууда боди-камераларды колдонушат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Бул демилгенин алкагында инспекторлор үчүн боди-камераларды колдонуу тартиби жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Адистер жабдууларды туура пайдалануу, маалыматтарды

Төө-Ашууда кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Төө-Ашууда кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Бүгүн Төө-Ашуу ашуусунун 132, 133 жана 136-чакырымдарында кар көчкүнү атайлап түшүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Иш-чаранын алкагында №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын техникалар тартылып, кызматкерлер ыкчам аракет көрүүгө даярдыкта турушат. Кар көчкүнү түшүрүү иштерине байланыштуу саат 09:00дөн тартып Бишкек–Ош унаа