Бахрейндик Riyada Group компаниясы КРга дары-дармектерди көзөмөлдөө системасын киргизүүнү сунуштады
Бахрейндик Riyada Group компаниясы КРга дары-дармектерди көзөмөлдөө системасын киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Riyada Group («Рияда Групп») компаниясынын президенти шейх Дейя бинт Ибрагим Аль Халифа жетектеген Бахрейн Королчулугунун делегациясы менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.
Riyada Group компаниясынын президенти шейх Дейя бинт Ибрагим Аль Халифа туризм, фармацевтика, финансы, блокчейн-технологияларды пайдалануу тармагында кызматташтыкты жөнгө салууга жана өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.
Riyada Group башчысы маалымдагандай, компания дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө тутумун илгерилетүүнү сунуштайт, бул республика аймагында фармацевтикалык дармектердин жүгүртүлүшүн көзөмөлдөөнү жөнгө салууга мүмкүндүк берет.
Аталган тутумдун ишке киргизилиши өлкөдө рыноктогу фармацевтикалык препараттардын жүгүртүлүшүнүн ачык-айкындыгын камсыздоого жана жасалма дармктердин киргизилишин толугу менен четтетүүгө мүмкүндүк берет деп ишендиришет алар.
Мындан тышкары, тараптар инвестициялык, соода-экономикалык, айыл чарба, энергетика, саламаттык сактоо жана туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.