Бишкекте 22 млн сом алдап алган жарандар кармалды

Бишкекте 22 млн сом алдап алган жарандар кармалды

Бишкек ШИИББи эки шектүүнү кармады. Алар тергөөнүн версиясы боюнча Бишкек шаарынын тургунун алдоо жолу менен ири суммадагы акчасынан ажыраткан.

Милициянын маалыматына караганда, 2025-жылдын 22-декабрында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Ч.Г. аттуу жаран кайрылган.

Анын айтымында, өздөрүн УКМКнын, ИИМдин жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдар аны банкомат аркылуу акчасын банктык картага которууга көндүрүшкөн. Натыйжада келтирилген зыяндын суммасы 22 млн 130 миң сомду түзгөн.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөр — 2002-жылы туулган Т.Ж. жана 2006-жылы туулган К.Э. аныкталып, кармалды. Алар Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда башка адамдардын катыштыгы бар-жогу текшерилип, кылмыштын бардык жагдайлары такталууда.

Бишкек ШИИББ эскертет: мамлекеттик органдардын кызматкерлери эч качан жарандардан акчаны банктык картага которууну же телефон аркылуу жеке маалыматтарды берүүнү талап кылбайт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media