Экономика министрлиги: Бензиндин баасынын өсүшү – бул дүйнөлүк тенденция

Экономика министрлиги: Бензиндин баасынын өсүшү – бул дүйнөлүк тенденция

Экономика министрлиги күйүүчү-майлоочу май (КММ) базарындагы өсүп жаткан баалар боюнча кырдаалга комментарий берди. Ведомство баанын көтөрүлүшү дүйнөлүк тенденция экенин билдирди.

КММ биржалык товар болуп саналат жана баалар мунайдын баасынын биржалык котировкасынан көз каранды. Эгерде 2020-жылдын декабрында Brent мунайынын бир баррели болжол менен 43-44 долларды түзсө, 2021-жылдын 17-ноябрында анын баасы 80 долларга жеткен.

17-ноябрга карата ЕАЭБ өлкөлөрүндө жана коңшу мамлекеттерде КММнын орточо чекене баасы
КыргызстанКазахстанРоссияБелоруссияАрменияТаджикистанУзбекистан
Аи-9258.735.155.269.489.193.178.9
Аи-9561.342.460.472.992.781.3
Дт54.759.461.472.987.484.876.6

Кыргызстанда КММнын баасы коңшу мамлекеттерге жана ЕАЭБге мүчө айрым мамлекеттерге (Беларусь, Армения) салыштырмалуу эң төмөн.

Россияда күйүүчү май рыногун жөнгө салуу үчүн демпфинг механизми колдонулат. Эгерде бензинге жана дизелдик отунга экспорттук баалар шарттуу ички баадан жогору болсо, анда мамлекет бул айырманын бир бөлүгүн өндүрүүчүлөргө компенсациялайт. Болбосо мунай компаниялары айырманы бюджетке которот.

Казакстанда мунай өндүрүлүп, ал кайра иштетүүчү заводдордо иштетилет, бул республиканын мунай продукциясына болгон муктаждыгын жабууга мүмкүндүк берет.

Экономика министрлиги Нефтетрейдерлер баалардын өсүшүн ооздуктоонун бир жолу катары КММга акциздик жана КНСтин ставкаларын убактылуу нөлгө түшүрүүнү сунуштап жатышканын, бирок мындай чечимдин тобокелдиктери катары КММны коңшу мамлекеттерге чыгарып кетүү жана рыноктогу дефицит, ошондой эле 2.3 млрд сомдон ашык каражаттын бюджетке түшпөй калуу коркунучу тургандыгын, бул чара убактылуу болгондуктан азыркы баага кайтып келүүдө КММны баасынын кыйла жогорулашы менен айырмачылык чоң болуп кетүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилейт.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Көл шаарында 813 миң сом алимент өндүрүлдү

Кара-Көл шаарында 813 миң сом алимент өндүрүлдү

Кара-Көл шаарында эки баланы багуу үчүн ири суммадагы алименттик карыз толугу менен өндүрүлгөнүн Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаардык сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө карызкор Ч. О.дон өндүрүп алуучу А. К.нын пайдасына эки жашы жете элек баланы багуу үчүн алимент өндүрүү иши каралды. Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында

Бишкекте 22 млн сом алдап алган жарандар кармалды

Бишкекте 22 млн сом алдап алган жарандар кармалды

Бишкек ШИИББи эки шектүүнү кармады. Алар тергөөнүн версиясы боюнча Бишкек шаарынын тургунун алдоо жолу менен ири суммадагы акчасынан ажыраткан. Милициянын маалыматына караганда, 2025-жылдын 22-декабрында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Ч.Г. аттуу жаран кайрылган. Анын айтымында, өздөрүн УКМКнын, ИИМдин жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдар аны банкомат аркылуу

Баткенде мыйзамсыз сыртка чыгырылып бараткан 10 баш торпок кармалды

Баткенде мыйзамсыз сыртка чыгырылып бараткан 10 баш торпок кармалды

Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен чек ара отрядынын аскер кызматкерлери мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды мыйзамсыз өткөрүү аракетин алдын алышты. Маалыматка ылайык, Ак-Татыр айылында чек арачылар Кыргызстан жаранын кармашкан. Анын Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаасынан 10 баш торпок табылган. Ал жаныбарларды расмий өткөрмө бекеттеринен тышкары жол менен коңшу мамлекеттин

Бишкекте үйүнөн ажыраган 8 жаранга 1 млн сомдон камсыздандыруу берилди

Бишкекте үйүнөн ажыраган 8 жаранга 1 млн сомдон камсыздандыруу берилди

Бишкек шаардык мэриясында мамлекеттик камсыздандыруу аркылуу турак жайынан ажыраган тургундар менен жолугушуу өттү. Маалыматка ылайык, бүгүн сегиз жаранга жоготкон турак жайы үчүн камсыздандыруу төлөмү катары 1 миллион сомдон берилди. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдиргендей, Бишкек шаарында камсыздандыруу менен камтуу көрсөткүчү 25%га жетти. Бирок бул үлүштү дагы көбөйтүү зарыл, анткени кырсык