Ереванда ЕАЭБ мамлекеттери кредиттик тарыхка киргизилген маалыматтарды алмашуу тартиби жөнүндө келишимге кол коюусу күтүлүүдө

Ереванда ЕАЭБ мамлекеттери кредиттик тарыхка киргизилген маалыматтарды алмашуу тартиби жөнүндө келишимге кол коюусу күтүлүүдө

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 18-19-ноябрда Ереван шаарында (Армения Республикасы) өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат. ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчылары кредиттик тарыхка киргизилген маалыматтарды алмашуу тартиби жөнүндө Келишимге кол коюуну пландаштырууда. Бул тууралуу кабинеттин маалымат кызматы билдирди.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин, ошондой эле ЕАЭБ караштуу байкоочу өлкөлөр – Өзбекстан Республикасынын жана Куба Республикасынын өкмөт башчыларынын, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасынын катышуусунда өтөт.

Жыйында ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчылары кредиттик тарыхка киргизилген маалыматтарды алмашуу тартиби жөнүндө Келишимге кол коюуну пландаштырууда.

Мындан тышкары, Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчылары ЕАЭБ ички рыногундагы алып салууларды жана чектөөлөрдү четтетүү, 2021–2022-жылдарга агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн биргелешкен болжолдору, союздук өлкөлөрдүн айыл чарба продукциясы, булгаары, жүн сырьесу, зыгыр буласы жана пахта буласы боюнча талап-сунуштардын балансы маселелерин, 2021–2024-жылдарга ЕАЭБ мамлекеттеринин металлургиялык ишканаларын сырьелук камсыздоо боюнча иш-чаралар планын, Союздук мамлекеттердин климаттык күн тартиби алкагындагы багыттарын жакындаштыруу боюнча иштин жүрүшүн талкуулайт.

Жыйындын алкагында ЕАЭБде жүктөрдү көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну, Биологиялык коопсуздук стратегиясынын долбоорун, электрондук соода маселелерин, анын ичинде аны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жол картасын бекитүү каралууда.

Ошондой эле 2024-жылга чейин өндүрүшү камсыз кылынууга тийиш болгон медициналык багыттагы стратегиялык маанилүү дары-дармек жана фармацевтикалык субстанциялар менен интеграциялык бирикменин өлкөлөрүн камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планы каралмакчы.

Мындан тышкары окуңуз

Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоо иштери башталат

Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоо иштери башталат

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Таластагы жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери менен таанышты. Ошондой эле "Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолун реконструкциялоо, IV фаза" долбоорунун аткарылышын көрүп, подрядчы компаниянын өкүлдөрүнө курулуш иштерин өз убагында баштоо жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Белгилүү болгондой, реконструкциялануучу жолдун жалпы узундугу 93 чакырымды

Кара-Көл шаарында 813 миң сом алимент өндүрүлдү

Кара-Көл шаарында 813 миң сом алимент өндүрүлдү

Кара-Көл шаарында эки баланы багуу үчүн ири суммадагы алименттик карыз толугу менен өндүрүлгөнүн Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаардык сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө карызкор Ч. О.дон өндүрүп алуучу А. К.нын пайдасына эки жашы жете элек баланы багуу үчүн алимент өндүрүү иши каралды. Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында

Бишкекте 22 млн сом алдап алган жарандар кармалды

Бишкекте 22 млн сом алдап алган жарандар кармалды

Бишкек ШИИББи эки шектүүнү кармады. Алар тергөөнүн версиясы боюнча Бишкек шаарынын тургунун алдоо жолу менен ири суммадагы акчасынан ажыраткан. Милициянын маалыматына караганда, 2025-жылдын 22-декабрында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Ч.Г. аттуу жаран кайрылган. Анын айтымында, өздөрүн УКМКнын, ИИМдин жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдар аны банкомат аркылуу

Баткенде мыйзамсыз сыртка чыгырылып бараткан 10 баш торпок кармалды

Баткенде мыйзамсыз сыртка чыгырылып бараткан 10 баш торпок кармалды

Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен чек ара отрядынын аскер кызматкерлери мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды мыйзамсыз өткөрүү аракетин алдын алышты. Маалыматка ылайык, Ак-Татыр айылында чек арачылар Кыргызстан жаранын кармашкан. Анын Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаасынан 10 баш торпок табылган. Ал жаныбарларды расмий өткөрмө бекеттеринен тышкары жол менен коңшу мамлекеттин