Жогорку Сот да эми президенттин кол алдында – соттор эми президент тарабынан дайындалат

Жогорку Сот да эми президенттин кол алдында – соттор эми президент тарабынан дайындалат

Жогорку соттун төрагасы Соттор кеңешинин сунушу боюнча жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынын макулдугу менен ЖКнын судьяларынын ичинен 5 жылдык мөөнөткө президент тарабынан дайындалат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» КРнын конституциялык мыйзамына кол койду. Мыйзам ЖК тарабынан 2021-жылдын 30-сентябрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамда, Жогорку соттун судьялары Соттор кеңешинин сунушу боюнча жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынын макулдугу менен 5 жылдык мөөнөткө президент тарабынан дайындалат. Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары да Жогорку соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча президент тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.

Ошондой эле, кабыл алынган мыйзамга ылайык, жергиликтүү соттордун судьялары Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунуштамасы боюнча Президент тарабынан биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө, андан кийинкисинде курагынын чегине жеткенге чейин дайындалат.

Эскерте кетсек, мэр жана акимдерди да президент дайындайт. Анткени президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамга кол койгон.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Көл шаарында 813 миң сом алимент өндүрүлдү

Кара-Көл шаарында 813 миң сом алимент өндүрүлдү

Кара-Көл шаарында эки баланы багуу үчүн ири суммадагы алименттик карыз толугу менен өндүрүлгөнүн Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаардык сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө карызкор Ч. О.дон өндүрүп алуучу А. К.нын пайдасына эки жашы жете элек баланы багуу үчүн алимент өндүрүү иши каралды. Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында

Бишкекте 22 млн сом алдап алган жарандар кармалды

Бишкекте 22 млн сом алдап алган жарандар кармалды

Бишкек ШИИББи эки шектүүнү кармады. Алар тергөөнүн версиясы боюнча Бишкек шаарынын тургунун алдоо жолу менен ири суммадагы акчасынан ажыраткан. Милициянын маалыматына караганда, 2025-жылдын 22-декабрында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Ч.Г. аттуу жаран кайрылган. Анын айтымында, өздөрүн УКМКнын, ИИМдин жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдар аны банкомат аркылуу

Баткенде мыйзамсыз сыртка чыгырылып бараткан 10 баш торпок кармалды

Баткенде мыйзамсыз сыртка чыгырылып бараткан 10 баш торпок кармалды

Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен чек ара отрядынын аскер кызматкерлери мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды мыйзамсыз өткөрүү аракетин алдын алышты. Маалыматка ылайык, Ак-Татыр айылында чек арачылар Кыргызстан жаранын кармашкан. Анын Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаасынан 10 баш торпок табылган. Ал жаныбарларды расмий өткөрмө бекеттеринен тышкары жол менен коңшу мамлекеттин

Бишкекте үйүнөн ажыраган 8 жаранга 1 млн сомдон камсыздандыруу берилди

Бишкекте үйүнөн ажыраган 8 жаранга 1 млн сомдон камсыздандыруу берилди

Бишкек шаардык мэриясында мамлекеттик камсыздандыруу аркылуу турак жайынан ажыраган тургундар менен жолугушуу өттү. Маалыматка ылайык, бүгүн сегиз жаранга жоготкон турак жайы үчүн камсыздандыруу төлөмү катары 1 миллион сомдон берилди. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдиргендей, Бишкек шаарында камсыздандыруу менен камтуу көрсөткүчү 25%га жетти. Бирок бул үлүштү дагы көбөйтүү зарыл, анткени кырсык