«Альянс Алтын» каржылаган «Бакубат Талас» фонду таластыктарды көмүр менен камсыздоого жарым млн сом берди

«Альянс Алтын» каржылаган «Бакубат Талас» фонду таластыктарды көмүр менен камсыздоого жарым млн сом берди

«Альянс Алтын» каржылаган «Бакубат Талас» фонду таластыктарды көмүр менен каржылоого кайтарымдуу негизде жарым млн сом берди. Бул тууралуу Талас ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Өкүлчүлүктүн айтымында, калкты арзан көмүр менен камсыз кылуу демилгесин облус башчысы Бакытбек Нарбеков көтөрүп, бул үчүн «Бакубат Талас» фондунан жеке ишкерге 557 миң 500 сом кайтарымдуу каражат бөлүнүп берилген. Ишкер менен эки тараптуу келишим түзүлүп, ага ылайык, 2022-жылдын 11-апрелине чейин Кара-Кече көмүр кенинен көмүр отунун ташып келүү иштери жеке ишкерлер тарабынан жүргүзүлмөкчү.

Алынып келинген көмүр тоннасы 4000 миң сомдон ашпаган баада бир кардарга 500 килограммдан чектөө менен сатуу жагы каралууда.

Мындан тышкары, Казакстан Республикасынын Тараз шаарынан көмүр отунун алып келүү боюнча тийиштүү иш чаралар уюштурулууда. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жакынкы арада Казакстандан 100 тонна көмүр Талас облусуна келүүсү күтүлүүдө.

Көмүр ташып келүүгө, мамлекеттик мекемелердин жана айыл өкмөттөрдүн балансындагы автоунаалар тартылды. Ал эми, сапарга чыккан айдоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында аларды Талас облустук өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери коштоп барууда дейт Талас ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү.

Эскерте кетсек, ушул эле фонддун каржылоосу менен жакында кийим тигүү цехи ишке кирген. Аталган кийим тигүүчү цехке «Бакубат Талас» фонду жалпысынан 900 миң сом каражат жумшаган.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр өлкө боюнча 136,5 миң бала "балага сүйүнчү" төлөмүн алган

Былтыр өлкө боюнча 136,5 миң бала "балага сүйүнчү" төлөмүн алган

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдагандай, 2026-жылдын 1-январына карата төрөлгөндө берилүүчү бир жолку "балага сүйүнчү" төлөмүн 136 568 бала алды. Ведомствонун маалыматына ылайык, жалпы алгандардын ичинен 36 бала үч эм жана андан көп болуп бир учурда төрөлгөндөр. Эске салсак, "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү ар

“Баары кыялдан башталган”. Жаркынай Ибрагимова жеткен ийгиликтин таттуу сыры

“Баары кыялдан башталган”. Жаркынай Ибрагимова жеткен ийгиликтин таттуу сыры

Кызыл-Кыянын тургуну Жаркынай Ибрагимова 2023-жылдан бери торт жасап келатат – бир нече жыл бою ал жергиликтүү кофеканаларга өз өндүрүмүн чакан көлөмдө бышырып сатып келген. Күйөөсүнүн колдоосу жана Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) кошо каржылоо боюнча сыноо иретиндеги “1+1” демилгесине катышканы ага чоң кыялын ишке ашырганга жардам берди. Ишкер келин кондитер

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3% менен жеңилдетилген насыя берилет

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3% менен жеңилдетилген насыя берилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги иштеп чыккан долбоордун негизинде мамлекеттик "Элдик Банк" асыл тукум мал чарбасын колдоого багытталган жеңилдетилген насыялоо программасын ишке киргизди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Программа боюнча пайыздык чен жылына 3%ды (ЖПЧ – 3,04%) түзөт. Жеңилдетилген насыя Министрлер Кабинети бекиткен

Ошто "Исанов" көмөкчордону үчүн маршруттук изилдөө дрондор менен жүргүзүлүүдө

Ошто "Исанов" көмөкчордону үчүн маршруттук изилдөө дрондор менен жүргүзүлүүдө

Ош облусунда курулушу пландалып жаткан 220 кВ "Исанов" көмөкчордону боюнча маршруттук изилдөө иштери дрондор аркылуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Электр чубалгылары өтүүчү трасса абадан тартылып, маалыматтар 3D форматта иштелүүдө. Бул жер кыртышынын рельефин жана курулуштагы мүмкүн болгон кыйынчылыктарды так аныктоого мүмкүндүк берет. Консультациялык кызматтарды ирандык Monenco