Ошто "Исанов" көмөкчордону үчүн маршруттук изилдөө дрондор менен жүргүзүлүүдө

Ошто "Исанов" көмөкчордону үчүн маршруттук изилдөө дрондор менен жүргүзүлүүдө

Ош облусунда курулушу пландалып жаткан 220 кВ "Исанов" көмөкчордону боюнча маршруттук изилдөө иштери дрондор аркылуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Электр чубалгылары өтүүчү трасса абадан тартылып, маалыматтар 3D форматта иштелүүдө. Бул жер кыртышынын рельефин жана курулуштагы мүмкүн болгон кыйынчылыктарды так аныктоого мүмкүндүк берет.

Консультациялык кызматтарды ирандык Monenco Iran компаниясы көрсөтүүдө. Экологиялык жана социалдык изилдөөлөр MERCADOS ARIES INTERNATIONAL, S.A. менен биргеликте 2026-жылдын 27-февралынан 31-мартына чейин жүргүзүлөт.

Долбоордун алкагында 110 кВ жаңы аба чубалгылары курулуп, "Кара-Шоро", "Кара-Кулжа" жана "Каратай" көмөкчордондору "Исанов" көмөкчордонуна кошулат.

Жаңы чубалгылардын узундугу:

  • "Исанов – Кара-Кулжа" – 40 км
  • "Исанов – Каратай" – 60 км
  • Эки чынжырлуу "Исанов – Кара-Шоро" – 3 км
Иштер "Кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү – I фаза" (KRED) долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткенде акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери толугу менен аяктады

Борбор калаада кар тазалоого 114 атайын техника даярдалды

Өлкөдө балдарды эрте өнүктүрүү кызматтары менен камтуу 55 пайыздан ашканы айтылды

"Ачык кабинет": Өлкөдөгү үч эл аралык аэропорттогу иштер көрсөтүлдү

"Борбордук Азия — Кытай" конференциясында эки документке кол коюлду