Дыйкандар өсүмдүк майын өндүрүү үчүн чийки затты КНСтен бошотууну сунушташты

Дыйкандар өсүмдүк майын өндүрүү үчүн чийки затты КНСтен бошотууну сунушташты

Кыргызстандын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы өсүмдүк майын өндүрүү үчүн чийки затты 10 жылдан кем эмес убакытка кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотууну сунуштады. Аталган уюм бул демилгени Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин биринчи жыйынында көтөргөн.

Ассоциация Кыргызстан өзүн өсүмдүк майы менен 25%га гана камсыздай ала турганын белгиледи. Кырдаалды жакшыртуу үчүн Министрлер Кабинети өсүмдүк майынын импорттоодо нөлдүк КНС ставкаларын белгилеген. Ошол эле учурда өсүмдүк майын өндүрүү үчүн сырьену импорттоо КНСтен бошотулбайт.

Уюмдун айтымында, мындай колдоо өлкөнүн экономикасына мультипликативдик таасирин тийгизет.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр өлкө боюнча 136,5 миң бала "балага сүйүнчү" төлөмүн алган

Былтыр өлкө боюнча 136,5 миң бала "балага сүйүнчү" төлөмүн алган

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдагандай, 2026-жылдын 1-январына карата төрөлгөндө берилүүчү бир жолку "балага сүйүнчү" төлөмүн 136 568 бала алды. Ведомствонун маалыматына ылайык, жалпы алгандардын ичинен 36 бала үч эм жана андан көп болуп бир учурда төрөлгөндөр. Эске салсак, "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү ар

“Баары кыялдан башталган”. Жаркынай Ибрагимова жеткен ийгиликтин таттуу сыры

“Баары кыялдан башталган”. Жаркынай Ибрагимова жеткен ийгиликтин таттуу сыры

Кызыл-Кыянын тургуну Жаркынай Ибрагимова 2023-жылдан бери торт жасап келатат – бир нече жыл бою ал жергиликтүү кофеканаларга өз өндүрүмүн чакан көлөмдө бышырып сатып келген. Күйөөсүнүн колдоосу жана Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) кошо каржылоо боюнча сыноо иретиндеги “1+1” демилгесине катышканы ага чоң кыялын ишке ашырганга жардам берди. Ишкер келин кондитер

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3% менен жеңилдетилген насыя берилет

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3% менен жеңилдетилген насыя берилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги иштеп чыккан долбоордун негизинде мамлекеттик "Элдик Банк" асыл тукум мал чарбасын колдоого багытталган жеңилдетилген насыялоо программасын ишке киргизди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Программа боюнча пайыздык чен жылына 3%ды (ЖПЧ – 3,04%) түзөт. Жеңилдетилген насыя Министрлер Кабинети бекиткен

Ошто "Исанов" көмөкчордону үчүн маршруттук изилдөө дрондор менен жүргүзүлүүдө

Ошто "Исанов" көмөкчордону үчүн маршруттук изилдөө дрондор менен жүргүзүлүүдө

Ош облусунда курулушу пландалып жаткан 220 кВ "Исанов" көмөкчордону боюнча маршруттук изилдөө иштери дрондор аркылуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Электр чубалгылары өтүүчү трасса абадан тартылып, маалыматтар 3D форматта иштелүүдө. Бул жер кыртышынын рельефин жана курулуштагы мүмкүн болгон кыйынчылыктарды так аныктоого мүмкүндүк берет. Консультациялык кызматтарды ирандык Monenco