КР Бишкек шаарын белорус автобустары менен камсыздоого кызыкдар

КР Бишкек шаарын белорус автобустары менен камсыздоого кызыкдар

КР Бишкек шаарын белорус автобустары менен камсыздоого кызыкдар. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу иретинде Ереван шаарына (Армения Республикасы) жумушчу сапарынын алкагында Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко менен жолугушуу учурунда айтты.

Жолугушуу алкагында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган ар кыл тармактардагы кыргыз-белорус мамилелерин өнүктүрүүнү талкуулады. 

Акылбек Жапаров коммуналдык жана айыл чарба техникасын жеткирүү боюнча, ошондой эле өнөр жай кооперациясы тармагында кызматташууга кызыкдар экендигин айтты. 

«Биз Бишкек шаарын белорус автобустары менен камсыздоого кызыкдарбыз. Жакында Бишкек мэри Минск шаарында болду жана биз ага автобустарды алууга келишим түзүү укугун бердик. Биз белорус продукциясынын сапаттуулугун билебиз», – деди Акылбек Жапаров. 

Өз кезегинде Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко Акылбек Жапаровду Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматына дайындалышы менен куттуктап, эки өлкө ортосунда биргелешкен өндүрүштүк долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгын, жакында Ош шаарында ачылган трансформаторлордун өндүрүшүн белгиледи. 

Белорус тарап кеңири чөйрөдөгү, анын ичинде энергетикалык тармак үчүн түзүлүштөрдү чыгарууга байланыштуу долбоорлоорду ишке берүүгө даярдыгын билдирди. 

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр өлкө боюнча 136,5 миң бала "балага сүйүнчү" төлөмүн алган

Былтыр өлкө боюнча 136,5 миң бала "балага сүйүнчү" төлөмүн алган

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдагандай, 2026-жылдын 1-январына карата төрөлгөндө берилүүчү бир жолку "балага сүйүнчү" төлөмүн 136 568 бала алды. Ведомствонун маалыматына ылайык, жалпы алгандардын ичинен 36 бала үч эм жана андан көп болуп бир учурда төрөлгөндөр. Эске салсак, "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү ар

“Баары кыялдан башталган”. Жаркынай Ибрагимова жеткен ийгиликтин таттуу сыры

“Баары кыялдан башталган”. Жаркынай Ибрагимова жеткен ийгиликтин таттуу сыры

Кызыл-Кыянын тургуну Жаркынай Ибрагимова 2023-жылдан бери торт жасап келатат – бир нече жыл бою ал жергиликтүү кофеканаларга өз өндүрүмүн чакан көлөмдө бышырып сатып келген. Күйөөсүнүн колдоосу жана Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) кошо каржылоо боюнча сыноо иретиндеги “1+1” демилгесине катышканы ага чоң кыялын ишке ашырганга жардам берди. Ишкер келин кондитер

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3% менен жеңилдетилген насыя берилет

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3% менен жеңилдетилген насыя берилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги иштеп чыккан долбоордун негизинде мамлекеттик "Элдик Банк" асыл тукум мал чарбасын колдоого багытталган жеңилдетилген насыялоо программасын ишке киргизди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Программа боюнча пайыздык чен жылына 3%ды (ЖПЧ – 3,04%) түзөт. Жеңилдетилген насыя Министрлер Кабинети бекиткен

Ошто "Исанов" көмөкчордону үчүн маршруттук изилдөө дрондор менен жүргүзүлүүдө

Ошто "Исанов" көмөкчордону үчүн маршруттук изилдөө дрондор менен жүргүзүлүүдө

Ош облусунда курулушу пландалып жаткан 220 кВ "Исанов" көмөкчордону боюнча маршруттук изилдөө иштери дрондор аркылуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Электр чубалгылары өтүүчү трасса абадан тартылып, маалыматтар 3D форматта иштелүүдө. Бул жер кыртышынын рельефин жана курулуштагы мүмкүн болгон кыйынчылыктарды так аныктоого мүмкүндүк берет. Консультациялык кызматтарды ирандык Monenco