Микрокредит алуу үчүн кайрылган кыргызстандыктардын саны 10%га азайды

Микрокредит алуу үчүн кайрылган кыргызстандыктардын саны 10%га азайды

Микрокредит алууга кайрылган кыргызстандыктардын саны 10%га, тагыраак айтканда, өткөн жылдын январь-сентябрь айларындагы 545 миңден 2021-жылдын январь-сентябрында 490 миңге чейин азайды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Тогуз айда микрокредиттик уюмдар 27.4 млрд сомго насыя беришти, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17%га көп.

Кыргызстандыктар микрокредиттерди керектөө муктаждыктарына (36%), айыл чарбасын өнүктүрүүгө (30%), соода жана коомдук тамактанууга (10%) жана курулушка (9%) алышкан.

Кредиттердин жалпы суммасынын басымдуу көпчүлүгү Ош облусунда (22%ы), Бишкек шаарында (18%), ошондой эле Чүй жана Жалал-Абад облустарында (ар бири 14%) берилген.

Мында микрокредиттерди төлөөнүн деңгээли өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2%га төмөндөп, 91%ды түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоо иштери башталат

Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоо иштери башталат

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Таластагы жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери менен таанышты. Ошондой эле "Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолун реконструкциялоо, IV фаза" долбоорунун аткарылышын көрүп, подрядчы компаниянын өкүлдөрүнө курулуш иштерин өз убагында баштоо жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Белгилүү болгондой, реконструкциялануучу жолдун жалпы узундугу 93 чакырымды

Кара-Көл шаарында 813 миң сом алимент өндүрүлдү

Кара-Көл шаарында 813 миң сом алимент өндүрүлдү

Кара-Көл шаарында эки баланы багуу үчүн ири суммадагы алименттик карыз толугу менен өндүрүлгөнүн Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаардык сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө карызкор Ч. О.дон өндүрүп алуучу А. К.нын пайдасына эки жашы жете элек баланы багуу үчүн алимент өндүрүү иши каралды. Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында

Бишкекте 22 млн сом алдап алган жарандар кармалды

Бишкекте 22 млн сом алдап алган жарандар кармалды

Бишкек ШИИББи эки шектүүнү кармады. Алар тергөөнүн версиясы боюнча Бишкек шаарынын тургунун алдоо жолу менен ири суммадагы акчасынан ажыраткан. Милициянын маалыматына караганда, 2025-жылдын 22-декабрында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Ч.Г. аттуу жаран кайрылган. Анын айтымында, өздөрүн УКМКнын, ИИМдин жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдар аны банкомат аркылуу

Баткенде мыйзамсыз сыртка чыгырылып бараткан 10 баш торпок кармалды

Баткенде мыйзамсыз сыртка чыгырылып бараткан 10 баш торпок кармалды

Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен чек ара отрядынын аскер кызматкерлери мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды мыйзамсыз өткөрүү аракетин алдын алышты. Маалыматка ылайык, Ак-Татыр айылында чек арачылар Кыргызстан жаранын кармашкан. Анын Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаасынан 10 баш торпок табылган. Ал жаныбарларды расмий өткөрмө бекеттеринен тышкары жол менен коңшу мамлекеттин