Президент Баткен облусу боюнча «отчеттук» маек берди – канча млн кайда жумшалды

Президент Баткен облусу боюнча «отчеттук» маек берди – канча млн кайда жумшалды

Президент Садыр Жапаров Баткен облустук медиа борборуна маек куруп, облустун актуалдуу маселелери боюнча суроолорго жооп берип, ошондой эле бул аймакка бөлүнгөн каражаттар тууралуу кенен маалымат берди. Аталган маек «Баткен Медиа Борборунун» Фейсбуктагы баракчасында бүгүн, 19-ноябрда жарыяланды.

Садыр Жапаровдун берген маалыматына ылайык, облуска бөлүнгөн каражаттар тууралуу төмөндө сөз болот.

Сугат суу тармагы

Президенттин айтымында, Баткен облусунун жалпы сугат суу тармагына 477 млн 100 миң акча каражаты жумшалган.

«Лейлек» суу сактагычын куруу долбоорун иштеп чыгууга 185 млн сом акча каражаты бөлүнүп, бүгүнкү күндө тендер жарыяланды. 2020-жылдын 25-ноябрында Максат дюкер 2 долбооруна КРӨ тарабынан 50 млн сом, 9-декабрда 50 млн сом, жалпысынан 100 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилген», – деди президент.

Жол тармагы

Президенттин маалыматына караганда, Баткендин аймагында жалпы 17.5 км жолдорго асфальтобетон каптамы төшөлгөн. Лейлек районунун Кулунду-Максат-Арка жолу 11.3 км, Баткен районунун Ак-Сай-Рават 3 км, Көк-Таш-Чайхана тилкеси 1.2 км, Кадамжай районунун Ош-Исфана 178-179 км участогунун Чечме айылында 1 км, Үч-Коргон-Теңизбай 1 км автожолдоруна асфальт төшөлүп бүткөн.

«Аталган жолдорго асфальт төшөө үчүн жана стратегиялык маанилүү жолдордун курулуштарына 290 млн 271 миң акча каражаты каржыланды», – деди президент.

Калкты таза суу менен камсыз кылуу

Облустун аймагында 12 айыл таза суу менен камсыз болгон. Аталган айылдарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн акча каражаты 13 млн 700 миң сомду түзгөн.

Курулуш иштери

Президент бийлике келгенден баштап Баткенге 9 мектеп, 3 бала бакча, 3 оорукананын курулуштары башталганын, 9 мектептин ичинен 2 мектеп толугу менен бүтүп пайдаланууга берилгенин (Газ жана Чоң – Талаа орто мектептери), ал эми 7 мектептин курулуш иштери 75%га аткарылып, бүгүнкү күндө курулуш иштери улантылып жатканын, үч бала бакчанын ичинен экөө толугу менен бүтүп пайдаланууга берилгенин, ал эми бирөөндө курулуш иштери 70%га аткарылганын, ошондой эле үч оорукананын ичинен экөө толугу менен бүтүп, пайдаланууга берилгенин, ал эми бирөөндө курулуш иштери 70%га аткарылып, бүгүнкү күндө иштер улантылып жатканын айткан.

«Аталган курулуш иштерине 122 млн 501 миң сом акча каражаты бөлүндү. 4 мектептин капиталдык оңдоп түзөө иштери 50%га аткарылып, бүгүнкү күндө аларда да иштер жүргүзүлүүдө. Ал эми 1 маданият, 1 спорт объектисинде капиталдык оңдоп түзөө иштери толугу менен бүтүп, пайдаланууга берилди. Аталган объектилердин капиталдык оңдоп түзөө иштерине 36 млн 385 миң сом акча каражаты бөлүндү», – деди ал.

Жерлердин категорияларын өзгөртүү багыты боюнча

Ошондой эле Жапаров 2020-жылдын 13-ноябрындагы №558 токтомунун негизинде 300га, 2020-жылдын 13-ноябрындагы №559 токтомунун негизинде 150 га, КРнын өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы №557 токтомунун негизинде, 151.1га, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июнундагы №49 токтомунун негизинде 5 га жер аянттары «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулганын да кошумчалады.

«Жалпы жогоруда аталган 7 тармактарга 1 млрд 249 млн сом акча каражаты каржыланды», – деди Жапаров.

Президенттин берген маалыматына ылайык, Баткен облусуна өзгөчө статус берүүнүн аркасында, салыктар жоюлгандан кийин ички жана тышкы инвесторлор өндүрүштүк ишканаларды ача башташат. Курулуштарды курулуп, жаңы, заманбап аэропорт салынат. «Кудай буюрса, келе жаткан жылы бир топ өндүрүш ишканалары салына баштайт. Азыр пландоо иштери жүрүп жатат. Алар салынып бүтсө, иш орундары ачылат. Чек арага жакын жайгашкан жерлерге жаңы айылдарды салып, толук бүткөн инфраструктурасы менен жаштарга бөлүп беребиз. Баткен облусунан көчүп кеткен жарандарыбыз кайрылып келе башташат», – деди Жапаров.

«Силер Баткендиктер, министрибиз жок, депутатыбыз жок деп кейибегиле. Мен силердин министриңермин, мен силердин депутатыңармын жана мен силердин президентиңермин. Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат. Кыргызстан Баткенден башталат. Чек араң бекем болбосо, өлкөңдө коопсуздук болбойт. Биринчи кезекте коопсуздук маселесине, андан кийин элдин жашоосуна, анан экономикасына көңүл буруп жатабыз», – деди президент.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр өлкө боюнча 136,5 миң бала "балага сүйүнчү" төлөмүн алган

Былтыр өлкө боюнча 136,5 миң бала "балага сүйүнчү" төлөмүн алган

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдагандай, 2026-жылдын 1-январына карата төрөлгөндө берилүүчү бир жолку "балага сүйүнчү" төлөмүн 136 568 бала алды. Ведомствонун маалыматына ылайык, жалпы алгандардын ичинен 36 бала үч эм жана андан көп болуп бир учурда төрөлгөндөр. Эске салсак, "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү ар

“Баары кыялдан башталган”. Жаркынай Ибрагимова жеткен ийгиликтин таттуу сыры

“Баары кыялдан башталган”. Жаркынай Ибрагимова жеткен ийгиликтин таттуу сыры

Кызыл-Кыянын тургуну Жаркынай Ибрагимова 2023-жылдан бери торт жасап келатат – бир нече жыл бою ал жергиликтүү кофеканаларга өз өндүрүмүн чакан көлөмдө бышырып сатып келген. Күйөөсүнүн колдоосу жана Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) кошо каржылоо боюнча сыноо иретиндеги “1+1” демилгесине катышканы ага чоң кыялын ишке ашырганга жардам берди. Ишкер келин кондитер

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3% менен жеңилдетилген насыя берилет

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3% менен жеңилдетилген насыя берилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги иштеп чыккан долбоордун негизинде мамлекеттик "Элдик Банк" асыл тукум мал чарбасын колдоого багытталган жеңилдетилген насыялоо программасын ишке киргизди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Программа боюнча пайыздык чен жылына 3%ды (ЖПЧ – 3,04%) түзөт. Жеңилдетилген насыя Министрлер Кабинети бекиткен

Ошто "Исанов" көмөкчордону үчүн маршруттук изилдөө дрондор менен жүргүзүлүүдө

Ошто "Исанов" көмөкчордону үчүн маршруттук изилдөө дрондор менен жүргүзүлүүдө

Ош облусунда курулушу пландалып жаткан 220 кВ "Исанов" көмөкчордону боюнча маршруттук изилдөө иштери дрондор аркылуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Электр чубалгылары өтүүчү трасса абадан тартылып, маалыматтар 3D форматта иштелүүдө. Бул жер кыртышынын рельефин жана курулуштагы мүмкүн болгон кыйынчылыктарды так аныктоого мүмкүндүк берет. Консультациялык кызматтарды ирандык Monenco