Республикада көмүрдүн баасы бир айда 10%га кымбаттады
Көмүрдүн чекене баасы республика боюнча 2021-жылдын 18- ноябрына карата октябрга салыштырмалуу орточо эсеп менен алганда 10.1%га жогорулап, анын бир тоннасы 5 706 сомду түздү. Бул тууралуу Улутстатком билдирет.
Көмүрдүн эң жогорку баасы Ноокат (бир тоннасы 10 039.9 сом), Баткен (бир тоннасы 9 718.8 сом) жана Исфана (бир тоннасы 9 091.2 сом) шаарларында катталды.
Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тоннасы 2 500 сом), Балыкчы шаарында (бир тоннасы 4 049.7 сом), Нарын жана Кара-Балта шаарларында (бир тоннасы 4 500 сом) болгону байкалды.