«Стратежист» форумунун жыйынтыгы – Catapult Евразия венчурдук фонду ишке кирет
Стратежист Евразия форумунун алкагындагы «Өкмөт жана IT» ата мекендик стартаптарга 50 млн доллар инвестиция тартуу менен Калифорниянын Catapult Eurasia венчурдук фондун ишке киргизүүгө макулдашты. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Catapult венчурдук фонду аркылуу стартаптарды колдоо программасын ишке киргизүү 2022-жылдын башына пландаштырылган.
Мындан тышкары, министрлик Кыргызстандын IT секторун өнүктүрүү үчүн кошумча колдоо жана мүмкүнчүлүктөр үчүн эл аралык санариптик эксперттер жана инвесторлор менен бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.