Бишкек – Дели – Бишкек чартердик аба каттамы ачылды, аны «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы ишке ашырууда

Бишкек – Дели – Бишкек чартердик аба каттамы ачылды, аны «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы ишке ашырууда

Ата мекендик жаңы «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясынын Бишкек – Дели – Бишкек маршруту боюнча алгачкы каттамы учуп келди. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

«Аэро Номад Эйрлайнс» жаңы ата мекендик авиакомпаниясынын Бишкек – Дели – Бишкек маршруту боюнча алгачкы каттамы учуп келди. Чартердик каттам 2021-жылдын 19-ноябрында Airbus А320 аба учагы менен ишке ашырылды.

Авиакомпания Бишкек – Дели – Бишкек маршруту боюнча каттамдарды ар жума сайын ишке ашырууну пландоодо.

Белгилей кетсек, тийиштүү иштердин жыйынтыгында 2021-жылдын 5-ноябрында «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКсы КРнын Жарандык авиация департаментинен эксплуатантынын сертификатына (АОС) №57 ээ болгон.

«Эл аралык жарандык авиация уюму жөнүндө» 1944-жылдагы Чикаго Конвенциясынын №6 тиркемесинин жоболоруна ылайык, «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Кыргыз Республикасынан/Кыргыз Республикасына туруктуу жана чартердик каттамдар менен жүргүнчүлөрдү ташууга укуктуу.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр өлкө боюнча 136,5 миң бала "балага сүйүнчү" төлөмүн алган

Былтыр өлкө боюнча 136,5 миң бала "балага сүйүнчү" төлөмүн алган

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдагандай, 2026-жылдын 1-январына карата төрөлгөндө берилүүчү бир жолку "балага сүйүнчү" төлөмүн 136 568 бала алды. Ведомствонун маалыматына ылайык, жалпы алгандардын ичинен 36 бала үч эм жана андан көп болуп бир учурда төрөлгөндөр. Эске салсак, "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү ар

“Баары кыялдан башталган”. Жаркынай Ибрагимова жеткен ийгиликтин таттуу сыры

“Баары кыялдан башталган”. Жаркынай Ибрагимова жеткен ийгиликтин таттуу сыры

Кызыл-Кыянын тургуну Жаркынай Ибрагимова 2023-жылдан бери торт жасап келатат – бир нече жыл бою ал жергиликтүү кофеканаларга өз өндүрүмүн чакан көлөмдө бышырып сатып келген. Күйөөсүнүн колдоосу жана Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) кошо каржылоо боюнча сыноо иретиндеги “1+1” демилгесине катышканы ага чоң кыялын ишке ашырганга жардам берди. Ишкер келин кондитер

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3% менен жеңилдетилген насыя берилет

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3% менен жеңилдетилген насыя берилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги иштеп чыккан долбоордун негизинде мамлекеттик "Элдик Банк" асыл тукум мал чарбасын колдоого багытталган жеңилдетилген насыялоо программасын ишке киргизди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Программа боюнча пайыздык чен жылына 3%ды (ЖПЧ – 3,04%) түзөт. Жеңилдетилген насыя Министрлер Кабинети бекиткен

Ошто "Исанов" көмөкчордону үчүн маршруттук изилдөө дрондор менен жүргүзүлүүдө

Ошто "Исанов" көмөкчордону үчүн маршруттук изилдөө дрондор менен жүргүзүлүүдө

Ош облусунда курулушу пландалып жаткан 220 кВ "Исанов" көмөкчордону боюнча маршруттук изилдөө иштери дрондор аркылуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Электр чубалгылары өтүүчү трасса абадан тартылып, маалыматтар 3D форматта иштелүүдө. Бул жер кыртышынын рельефин жана курулуштагы мүмкүн болгон кыйынчылыктарды так аныктоого мүмкүндүк берет. Консультациялык кызматтарды ирандык Monenco