«Центерра» Кумтөрдү басып алуу боюнча кыргыз бийлигин жоопко тартууга аракет кылат

«Центерра» Кумтөрдү басып алуу боюнча кыргыз бийлигин жоопко тартууга аракет кылат

Канадалык алтын өндүрүүчү Centerra Gold Inc. (Кыргызстандын үлүшү 26.4%) «Кумтөр» кенин басып алуу боюнча кыргыз өкмөтүн жоопкерчиликке тартууга аракет кылат.

Centerra Gold Inc. компаниясы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун «Кумтөр» кенине байланыштуу айткандары боюнча билдирүү таратты. Анда компания кенге байланыштуу Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди көрүүнү уланта берери жазылган.

«Биз буга чейинки чыгарган маалыматта ачык белгилегендей, «Кумтөр» мындан ары да толугу менен Centerra Gold Inc. компаниясына таандык туунду компания болуп саналат жана биз «Кумтөр» кенин мыйзамсыз басып алгандыгы үчүн Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди жасоону улантабыз. Биздин билдирүүбүздө жаңы эч нерсе жок. Болгону 2021-жылдын 10-августунда кендеги биздин балансыбыздагы бизнес-операциянын токтогондугун билдирген кулактандырууну гана чагылдырат», – деп айтылат маалыматта.

Economist.kg маалымдагандай, 19-ноябрда Centerra Gold компаниясы Кыргызстан тарабынан жасалган бир катар аракеттердин натыйжасында, «Кумтөр» кенин басып алууга жана жоготууга алып келген олуттуу өзгөрүүлөр тууралуу маалымат бергенин жарыялаган болчу.

«Центерра Голд» кенди жоготуудан 926.4 млн доллар зыян тартканын билдирген.

Ал эми КРнын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинин тегерегиндеги соңку абал боюнча 20-ноябрда билдирүү тараткан эле.

«Мындан бир нече саат мурда, Канада убактысы боюнча 19-ноябрда, кечке маал биржалык соода жыйынтыкталгандан кийин Centerra Gold Inc. компаниясы аларга мындан ары кыргыз элинин улуттук мурасы – «Кумтөр» кени таандык эместигин тааныгандыгы тууралуу чечим кабыл алды. Centerra Gold Inc. өзүнүн баланстык наркынан 926 млн. долларды эсептен чыгарууга жана Кумтөр кенине көзөмөлдү жоготконун билдирүүгө аргасыз болду», – деген болчу ал.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр өлкө боюнча 136,5 миң бала "балага сүйүнчү" төлөмүн алган

Былтыр өлкө боюнча 136,5 миң бала "балага сүйүнчү" төлөмүн алган

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдагандай, 2026-жылдын 1-январына карата төрөлгөндө берилүүчү бир жолку "балага сүйүнчү" төлөмүн 136 568 бала алды. Ведомствонун маалыматына ылайык, жалпы алгандардын ичинен 36 бала үч эм жана андан көп болуп бир учурда төрөлгөндөр. Эске салсак, "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү ар

“Баары кыялдан башталган”. Жаркынай Ибрагимова жеткен ийгиликтин таттуу сыры

“Баары кыялдан башталган”. Жаркынай Ибрагимова жеткен ийгиликтин таттуу сыры

Кызыл-Кыянын тургуну Жаркынай Ибрагимова 2023-жылдан бери торт жасап келатат – бир нече жыл бою ал жергиликтүү кофеканаларга өз өндүрүмүн чакан көлөмдө бышырып сатып келген. Күйөөсүнүн колдоосу жана Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) кошо каржылоо боюнча сыноо иретиндеги “1+1” демилгесине катышканы ага чоң кыялын ишке ашырганга жардам берди. Ишкер келин кондитер

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3% менен жеңилдетилген насыя берилет

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3% менен жеңилдетилген насыя берилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги иштеп чыккан долбоордун негизинде мамлекеттик "Элдик Банк" асыл тукум мал чарбасын колдоого багытталган жеңилдетилген насыялоо программасын ишке киргизди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Программа боюнча пайыздык чен жылына 3%ды (ЖПЧ – 3,04%) түзөт. Жеңилдетилген насыя Министрлер Кабинети бекиткен

Ошто "Исанов" көмөкчордону үчүн маршруттук изилдөө дрондор менен жүргүзүлүүдө

Ошто "Исанов" көмөкчордону үчүн маршруттук изилдөө дрондор менен жүргүзүлүүдө

Ош облусунда курулушу пландалып жаткан 220 кВ "Исанов" көмөкчордону боюнча маршруттук изилдөө иштери дрондор аркылуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Электр чубалгылары өтүүчү трасса абадан тартылып, маалыматтар 3D форматта иштелүүдө. Бул жер кыртышынын рельефин жана курулуштагы мүмкүн болгон кыйынчылыктарды так аныктоого мүмкүндүк берет. Консультациялык кызматтарды ирандык Monenco