ЕРӨБ аялдар жетектеген компанияларга 12 млн доллар насыя берет

ЕРӨБ аялдар жетектеген компанияларга 12 млн доллар насыя берет

Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) алдыдагы беш жылда аялдар башкарган компанияларды колдоого 12 млн доллар насыя берүүнү пландоодо. Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев аялдарды Бүткүл дүйнөлүк ишкердиктин күнү менен куттуктоо учурунда билдирди.

Аталган финансы институту ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнө аялдар жетектеген ишканалар үчүн 114 млн доллар берүүнү пландаштырууда. Ал эми 1 млн доллардан ашуун каражатты ишкер аялдарга жергиликтүү консультанттардан жана эл аралык эксперттерден насаатчылык, окутуу курстары үчүн бөлөт.

«КРнын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында аялдардын катышуусу менен ишкердикти өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Министрлик «2022-2026-жылдарга КРда аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтомдун долбоорун даярдады, ал жакын арада кабыл алынат», – деди министр.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр өлкө боюнча 136,5 миң бала "балага сүйүнчү" төлөмүн алган

Былтыр өлкө боюнча 136,5 миң бала "балага сүйүнчү" төлөмүн алган

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдагандай, 2026-жылдын 1-январына карата төрөлгөндө берилүүчү бир жолку "балага сүйүнчү" төлөмүн 136 568 бала алды. Ведомствонун маалыматына ылайык, жалпы алгандардын ичинен 36 бала үч эм жана андан көп болуп бир учурда төрөлгөндөр. Эске салсак, "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү ар

“Баары кыялдан башталган”. Жаркынай Ибрагимова жеткен ийгиликтин таттуу сыры

“Баары кыялдан башталган”. Жаркынай Ибрагимова жеткен ийгиликтин таттуу сыры

Кызыл-Кыянын тургуну Жаркынай Ибрагимова 2023-жылдан бери торт жасап келатат – бир нече жыл бою ал жергиликтүү кофеканаларга өз өндүрүмүн чакан көлөмдө бышырып сатып келген. Күйөөсүнүн колдоосу жана Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) кошо каржылоо боюнча сыноо иретиндеги “1+1” демилгесине катышканы ага чоң кыялын ишке ашырганга жардам берди. Ишкер келин кондитер

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3% менен жеңилдетилген насыя берилет

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3% менен жеңилдетилген насыя берилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги иштеп чыккан долбоордун негизинде мамлекеттик "Элдик Банк" асыл тукум мал чарбасын колдоого багытталган жеңилдетилген насыялоо программасын ишке киргизди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Программа боюнча пайыздык чен жылына 3%ды (ЖПЧ – 3,04%) түзөт. Жеңилдетилген насыя Министрлер Кабинети бекиткен

Ошто "Исанов" көмөкчордону үчүн маршруттук изилдөө дрондор менен жүргүзүлүүдө

Ошто "Исанов" көмөкчордону үчүн маршруттук изилдөө дрондор менен жүргүзүлүүдө

Ош облусунда курулушу пландалып жаткан 220 кВ "Исанов" көмөкчордону боюнча маршруттук изилдөө иштери дрондор аркылуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Электр чубалгылары өтүүчү трасса абадан тартылып, маалыматтар 3D форматта иштелүүдө. Бул жер кыртышынын рельефин жана курулуштагы мүмкүн болгон кыйынчылыктарды так аныктоого мүмкүндүк берет. Консультациялык кызматтарды ирандык Monenco