Facebook Кыргызстандагы саясий жарнамадан 161 миң доллар киреше тапты

Facebook Кыргызстандагы саясий жарнамадан 161 миң доллар киреше тапты

Facebook социалдык тармагы Кыргызстанда өткөн жылдын августунан бери саясий жарнамадан 161 миң доллар (азыркы курс менен 13.6 млн сом) киреше тапты. Бул маалымат Facebook жарнамалар бөлүмүндө чагылдырылган.

Ал эми акыркы үч айда (2021-жылдын 21-августунан 18-ноябрына чейин) социалдык тармактын саясий жарнамадан түшкөн кирешеси 28 миң долларга жеткен (азыркы курс боюнча дээрлик 2.4 млн сом).

Саясий жарнактын мониторинги жана социалдык тармактардын жарнак китепканасында отчеттордун жарыяланышы Кыргызстандын БШКсы менен Фейсбуктун ортосундагы макулдашуунун негизинде ишке ашырылат. Бул 9-ноябрда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен Facebook өкүлдөрүнүн онлайн жолугушуусунда макулдашылган болчу.

БШК өзүнүн саясатынын алкагында Facebook колдонуучуларды идентификациялоо үчүн бир мандаттуу округдар боюнча катталган бардык саясий партиялардын жана талапкерлердин тизмесин Фейсбукка берерин макулдашкан.

БШКдан билдиргендей, комиссиянын көзөмөл-текшерүү тобу Facebook жана Instagram тармактарында саясий жарнамаларды жайгаштыруудагы төлөмдөрдү көзөмөлдөйт. Комиссия ошондой эле талапкерлерге жана саясий партияларга саясий жарнактарды жайгаштыруу үчүн төлөм тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынан алынышы керектигин эскертет.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр өлкө боюнча 136,5 миң бала "балага сүйүнчү" төлөмүн алган

Былтыр өлкө боюнча 136,5 миң бала "балага сүйүнчү" төлөмүн алган

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдагандай, 2026-жылдын 1-январына карата төрөлгөндө берилүүчү бир жолку "балага сүйүнчү" төлөмүн 136 568 бала алды. Ведомствонун маалыматына ылайык, жалпы алгандардын ичинен 36 бала үч эм жана андан көп болуп бир учурда төрөлгөндөр. Эске салсак, "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү ар

“Баары кыялдан башталган”. Жаркынай Ибрагимова жеткен ийгиликтин таттуу сыры

“Баары кыялдан башталган”. Жаркынай Ибрагимова жеткен ийгиликтин таттуу сыры

Кызыл-Кыянын тургуну Жаркынай Ибрагимова 2023-жылдан бери торт жасап келатат – бир нече жыл бою ал жергиликтүү кофеканаларга өз өндүрүмүн чакан көлөмдө бышырып сатып келген. Күйөөсүнүн колдоосу жана Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) кошо каржылоо боюнча сыноо иретиндеги “1+1” демилгесине катышканы ага чоң кыялын ишке ашырганга жардам берди. Ишкер келин кондитер

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3% менен жеңилдетилген насыя берилет

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3% менен жеңилдетилген насыя берилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги иштеп чыккан долбоордун негизинде мамлекеттик "Элдик Банк" асыл тукум мал чарбасын колдоого багытталган жеңилдетилген насыялоо программасын ишке киргизди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Программа боюнча пайыздык чен жылына 3%ды (ЖПЧ – 3,04%) түзөт. Жеңилдетилген насыя Министрлер Кабинети бекиткен

Ошто "Исанов" көмөкчордону үчүн маршруттук изилдөө дрондор менен жүргүзүлүүдө

Ошто "Исанов" көмөкчордону үчүн маршруттук изилдөө дрондор менен жүргүзүлүүдө

Ош облусунда курулушу пландалып жаткан 220 кВ "Исанов" көмөкчордону боюнча маршруттук изилдөө иштери дрондор аркылуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Электр чубалгылары өтүүчү трасса абадан тартылып, маалыматтар 3D форматта иштелүүдө. Бул жер кыртышынын рельефин жана курулуштагы мүмкүн болгон кыйынчылыктарды так аныктоого мүмкүндүк берет. Консультациялык кызматтарды ирандык Monenco