Carcheck кызматы бекер болот – бирок жаңы функцияларга акы төлөнөт

Carcheck кызматы бекер болот – бирок жаңы функцияларга акы төлөнөт

Учурдагы Carcheck транспорт каражаты жана айып пулдун бар экендиги жөнүндө негизги маалыматты берүү кызматы бекер болот.  Акы төлөнүүчү өзгөртүүлөр кошумча опциялар үчүн гана каралат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.  

Төлөм кызмат көрсөтүүгө болгон суроо-талаптын жогорулашын эске алуу менен кызматты өнүктүрүү, колдоо, бузулууларды өз убагында алдын алуу зарылчылыгына байланыштуу киргизилүүдө.

10 сомго автотранспорт боюнча төмөнкү маалыматтарды кошумча киргизүү сунушталат:

  • камакка алынган/күрөөгө коюлган транспорт каражаты жөнүндө маалыматтар (камактардын/күрөөлөрдүн болушу жана саны), эгерде бар болсо
  • белгилүү бир убакыт аралыгындагы транспорт каражатынын ээси/ээлери жөнүндө тарых (ээлердин саны)
  • одометрде транспорт каражаты басып өткөн жолду (пробег) көрсөтүүчү маалымат
  • транспорт каражатынын фотосүрөттөрү.

Пайдалуу варианттарды жана сапаттуу колдоону кеңейтүү кошумча инвестицияларсыз мүмкүн эмес. Акы төлөнүүчү бизнес модели өзүн-өзү камсыздоону, тейлөө деңгээлин жогорулатууну жана өнүктүрүүгө инвестициялоону болжолдойт. Бул модель эл аралык практиканы эске алуу менен иштелип чыккан деп билдирди ведомстводон.

Эскерте кетсек, буга чейин Carcheck кызматы акылуу болоору тууралуу айтылган болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2025-жылы 247 үйдө кырсык катталып, МКУ 32 млн сом төлөп берген

Кыргызстанда 2025-жылы 247 үйдө кырсык катталып, МКУ 32 млн сом төлөп берген

Кыргызстандагы турак жайлардын 27,5%ы камсыздандырылганын Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчисинин орун басары Бактыгул Абдыжалиев билдирди. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 215 миң турак жай болсо, анын 361 миңи камсыздандырылган. 2023-жылы 97 турак жайда кырсык катталып, аны калыбына келтирүүгө Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 13,5 млн сом

Айыл чарба аймактарын чегирткеден коргоо боюнча окуу өттү

Айыл чарба аймактарын чегирткеден коргоо боюнча окуу өттү

Кавказ өлкөлөрү жана Борбордук Азия чегирткенин кайталанган чабуулдарынан улам айыл чарба аймактарын коргоо үчүн кызматташууну күчөтүүдө. Италиялык прус, марокко чегирткеси жана азиялык көчмөн чегиртке топ-тобу менен, чек арадан өтүп кетүүчү коркунучун жаратып, өз убагында чара көрүлбөсө олуттуу зыян келтирүү ыктымалдыгы күч алган. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму(АТАЧУ) өлкөлөргө

Кыргызстанда фермерлер үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренингдер өтүп жатат

Кыргызстанда фермерлер үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренингдер өтүп жатат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кооперация, механизация жана инновациялык технологиялар департаменти БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму(АТАЧУ) менен биргеликте фермерлердин каржылык сабаттуулугун жогорулатууга жана айыл чарба кооперациясын өнүктүрүүгө багытталган тренинг өткөрүп жатат. Үч күндүк тренинг 25–27-февраль күндөрү Бишкек шаарында Нарын, Ысык-Көл, Талас

Бишкекте аз камсыз болгон 456 үй-бүлөгө эт консервалары таратылат

Бишкекте аз камсыз болгон 456 үй-бүлөгө эт консервалары таратылат

Бишкек шаарында "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуучу 456 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлөрүн мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, калктын аярлуу катмарларын колдоо максатында Бишкек шаарына Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан жалпысынан 2 280 даана эт консервасы бөлүнүп берилген. "Бул чара турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү колдоого багытталып, мамлекеттик