Кыргызстанда 2025-жылы 247 үйдө кырсык катталып, МКУ 32 млн сом төлөп берген

Кыргызстанда 2025-жылы 247 үйдө кырсык катталып, МКУ 32 млн сом төлөп берген

Кыргызстандагы турак жайлардын 27,5%ы камсыздандырылганын Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчисинин орун басары Бактыгул Абдыжалиев билдирди.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 215 миң турак жай болсо, анын 361 миңи камсыздандырылган.

2023-жылы 97 турак жайда кырсык катталып, аны калыбына келтирүүгө Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 13,5 млн сом төлөп берген. 2025-жылы 247 окуя катталып, ага 32 млн сом каралган.

Шаардагы үйлөр кырсыкка учураганда камсыздандыруунун эсебинен эң көп 1 млн сом, айыл жергесинде 500 миң сом бөлүнөт.

Депутат Камила Талиева үйүн камсыздандырган жарандардын аз болуп жатышы ишенимдин төмөндүгүнө байланыштуу деген пикирин билдирди.

“Мисалы, үйү өрттөнүп кетти дейли. Кырсык. Ал жаран документтерин көтөрүп алып бир ай бою барбаган жери калбайт. Акырында чарчап, документтерин таштап коёт. Былтыр ушул боюнча Сүлүктү шаарынан жаран кайрылган. Үйү күйүп кетип эчен айлап жүрүп калган экен. Элдин ишеним индекси бар да, ошону күчөтсөңүздөр”, - деди Талиева.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 18 камсыздандыруучу компания бар. Турак жайларды камсыздандырууну бир гана Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жүргүзүп жатат. Бир турак жай үчүн жылына айыл жергесинде 600 сом жана шаарда 1200 сом төгүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media