Кыргызстанда фермерлер үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренингдер өтүп жатат

Кыргызстанда фермерлер үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренингдер өтүп жатат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кооперация, механизация жана инновациялык технологиялар департаменти БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму(АТАЧУ) менен биргеликте фермерлердин каржылык сабаттуулугун жогорулатууга жана айыл чарба кооперациясын өнүктүрүүгө багытталган тренинг өткөрүп жатат.

Үч күндүк тренинг 25–27-февраль күндөрү Бишкек шаарында Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын Фермерлерди тейлөө борборлорунун адистери жана айыл чарба кооперативдеринин жетекчилери үчүн уюштурулууда. Буга чейин, 2026-жылдын январь айында, алгачкы үч күндүк тренинг Ош шаарында өтүп, ага Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өкүлдөрү катышкан.

АТАЧУнун адистеринин жетекчилиги алдында катышуучулар кооперациянын негиздери жана финансылык эсеп жүргүзүү, кооперативдердин бухгалтердик отчеттуулугу, бизнес-план түзүү, жеңилдетилген кредит алууга керектүү документтер топтомун даярдоо сыяктуу маселелерди карашты.

Тренингдин негизги бөлүгү чакан жана орто айыл чарба ишканаларына атаандаштыкка жөндөмдүү бизнес-долбоорлорду иштеп чыгууга жана инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк берген RuralInvest (РуралИнвест) инструменттер топтомун колдонууга арналды.

Окутуу АТАЧУ тарабынан Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып жаткан "Фермерлердин жана улуттук каржы мекемелеринин каржылык жана инвестициялык маалымдуулугун жогорулатуу" долбоорунун алкагында уюштурулду. Долбоор айыл чарба кооперативдеринин потенциалын бекемдөөгө багытталган.

2025-жылы долбоордун алкагында Нарын жана Ысык-Көл облустарынан 30дан ашуун айыл чарба кооперативинин өкүлдөрү RuralInvest инструментин колдонуу боюнча окуудан өтүшкөн. Натыйжада алар эл аралык каржы институттарынан жеңилдетилген кредит алуу үчүн алты бизнес-долбоорду ийгиликтүү даярдашкан.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media