Электрондук тамекилерге коюлган салыктын туура эмес ставкаларынан улам бюджетке 150-170 млн сом түшпөй калышы мүмкүн

Электрондук тамекилерге коюлган салыктын туура эмес ставкаларынан улам бюджетке 150-170 млн сом түшпөй калышы мүмкүн

Жылытылган тамеки продукцияларына коюлган салыктын ставкалары тамекиге болгон салыктын ставкаларына теңелбесе, бюджетке 150-170 млн сом түшпөй калышы мүмкүн. Бул тууралуу кечээ, 23-ноябрда ЖКнын Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Базар, соода жана кызмат көрсөтүүлөр ассоциациясынын жетекчиси Артур Ташибеков билдирди.

Анын айтымында, мурда Экономика министрлиги тамекинин даана эсебине макул болсо, азыр килограмм менен эсепти жүргүзүүнү каалап жатат.

«Мен жарандардын ден соолугун тамекинин жана аны керектөөнүн зыяндуу таасиринен коргоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамында болгом. Депутаттар жана мамлекеттик органдар менен биргеликте биз бардыгын иштеп чыктык, мындай продукцияга концептуалдык аппарат бердик. Эми биз башкача эсептешибиз керек деп жатабыз. Кеп электрондук системалар үчүн мини-тамекилер жөнүндө болуп жатат. Бул жерде килограмм жок. Ар кандай пакеттер ар кандай салмакта. Туура эмес башкаруудан улам зыян келтирилет», — деди Ташибеков.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2025-жылы 247 үйдө кырсык катталып, МКУ 32 млн сом төлөп берген

Кыргызстанда 2025-жылы 247 үйдө кырсык катталып, МКУ 32 млн сом төлөп берген

Кыргызстандагы турак жайлардын 27,5%ы камсыздандырылганын Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчисинин орун басары Бактыгул Абдыжалиев билдирди. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 215 миң турак жай болсо, анын 361 миңи камсыздандырылган. 2023-жылы 97 турак жайда кырсык катталып, аны калыбына келтирүүгө Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 13,5 млн сом

Айыл чарба аймактарын чегирткеден коргоо боюнча окуу өттү

Айыл чарба аймактарын чегирткеден коргоо боюнча окуу өттү

Кавказ өлкөлөрү жана Борбордук Азия чегирткенин кайталанган чабуулдарынан улам айыл чарба аймактарын коргоо үчүн кызматташууну күчөтүүдө. Италиялык прус, марокко чегирткеси жана азиялык көчмөн чегиртке топ-тобу менен, чек арадан өтүп кетүүчү коркунучун жаратып, өз убагында чара көрүлбөсө олуттуу зыян келтирүү ыктымалдыгы күч алган. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму(АТАЧУ) өлкөлөргө

Кыргызстанда фермерлер үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренингдер өтүп жатат

Кыргызстанда фермерлер үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренингдер өтүп жатат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кооперация, механизация жана инновациялык технологиялар департаменти БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму(АТАЧУ) менен биргеликте фермерлердин каржылык сабаттуулугун жогорулатууга жана айыл чарба кооперациясын өнүктүрүүгө багытталган тренинг өткөрүп жатат. Үч күндүк тренинг 25–27-февраль күндөрү Бишкек шаарында Нарын, Ысык-Көл, Талас

Бишкекте аз камсыз болгон 456 үй-бүлөгө эт консервалары таратылат

Бишкекте аз камсыз болгон 456 үй-бүлөгө эт консервалары таратылат

Бишкек шаарында "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуучу 456 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлөрүн мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, калктын аярлуу катмарларын колдоо максатында Бишкек шаарына Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан жалпысынан 2 280 даана эт консервасы бөлүнүп берилген. "Бул чара турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү колдоого багытталып, мамлекеттик