Эми региондордогу ишкерлер 1 млн сомдон жогору кредитке кепилдик ала алышат

Эми региондордогу ишкерлер 1 млн сомдон жогору кредитке кепилдик ала алышат

2021-жылдын ноябрында «Кепилдик фонд» ААКтын Башкармалыгы региондордогу ЧОБ өкүлдөрүнө 1.5 млн сомго чейин кредиттерди алуу үчүн кепилдиктерди берүүнүн макулдук лимиттерин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы кабарлады.

Мындай чечим кепилдиктерди берүү боюнча ишкерлердин арыздарын кароо мөөнөтүн кыскартуу жана жалпы региондордо чакан жана орто бизнеске көрсөтүлүп жаткан колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Буга чейин бекитүү лимити чектелген, бул 1 млн сомдон ашык суммадагы кредиттик инвестицияларды талап кылган пландары жана бизнес-долбоорлору бар ишкерлердин финансылык ресурстарга жетүүсүнө белгилүү бир деңгээлде тоскоол болуп келген.

«Белгилей кетсек, «Кепилдик фонд» ААК мурдагыдай эле региондордогу ишкерлерге артыкчылыктуу кепилдиктерди берип келет. Кепилдик фондунун ишинин бүткүл мезгили ичинде кепилдиктердин 84%ы өлкөнүн региондорунда чакан жана орто бизнести колдоого багытталган», – деп айтылат фонддун билдирүүсүндө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2025-жылы 247 үйдө кырсык катталып, МКУ 32 млн сом төлөп берген

Кыргызстанда 2025-жылы 247 үйдө кырсык катталып, МКУ 32 млн сом төлөп берген

Кыргызстандагы турак жайлардын 27,5%ы камсыздандырылганын Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчисинин орун басары Бактыгул Абдыжалиев билдирди. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 215 миң турак жай болсо, анын 361 миңи камсыздандырылган. 2023-жылы 97 турак жайда кырсык катталып, аны калыбына келтирүүгө Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 13,5 млн сом

Айыл чарба аймактарын чегирткеден коргоо боюнча окуу өттү

Айыл чарба аймактарын чегирткеден коргоо боюнча окуу өттү

Кавказ өлкөлөрү жана Борбордук Азия чегирткенин кайталанган чабуулдарынан улам айыл чарба аймактарын коргоо үчүн кызматташууну күчөтүүдө. Италиялык прус, марокко чегирткеси жана азиялык көчмөн чегиртке топ-тобу менен, чек арадан өтүп кетүүчү коркунучун жаратып, өз убагында чара көрүлбөсө олуттуу зыян келтирүү ыктымалдыгы күч алган. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму(АТАЧУ) өлкөлөргө

Кыргызстанда фермерлер үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренингдер өтүп жатат

Кыргызстанда фермерлер үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренингдер өтүп жатат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кооперация, механизация жана инновациялык технологиялар департаменти БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму(АТАЧУ) менен биргеликте фермерлердин каржылык сабаттуулугун жогорулатууга жана айыл чарба кооперациясын өнүктүрүүгө багытталган тренинг өткөрүп жатат. Үч күндүк тренинг 25–27-февраль күндөрү Бишкек шаарында Нарын, Ысык-Көл, Талас

Бишкекте аз камсыз болгон 456 үй-бүлөгө эт консервалары таратылат

Бишкекте аз камсыз болгон 456 үй-бүлөгө эт консервалары таратылат

Бишкек шаарында "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуучу 456 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлөрүн мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, калктын аярлуу катмарларын колдоо максатында Бишкек шаарына Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан жалпысынан 2 280 даана эт консервасы бөлүнүп берилген. "Бул чара турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү колдоого багытталып, мамлекеттик