Кыргызстандагы жана коңшу мамлекеттердеги мунайдын бааларына сереп

Кыргызстандагы жана коңшу мамлекеттердеги мунайдын бааларына сереп

Кыргызстанда Аи-92 жана Аи-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы Россияга салыштырмалуу кымбат. Бул тууралуу Монополияга каршы кызматтын баяндамасында айтылат.

23-ноябрга карата ЕАЭБ өлкөлөрүндө жана коңшу республикаларда күйүүчү-майлоочу майлардын (КММ) орточо баасы
 КыргызстанКазахстанРоссияБелоруссияАрменияТаджикистанУзбекистан
Аи-9258.136.454.168.288.890.177.6
Аи-9563.542.459.671.691.493.882.4
Дт5559.960.971.68790.176

Россияда күйүүчү май рыногун жөнгө салуу үчүн демпфинг механизми колдонулат. Эгерде бензинге жана дизелдик отунга экспорттук баалар шарттуу ички баадан жогору болсо, анда мамлекет бул айырманын бир бөлүгүн өндүрүүчүлөргө компенсациялайт. Болбосо мунай компаниялары айырманы бюджетке которот.

Казакстанда мунай өндүрүлүп, ал кайра иштетүүчү заводдордо иштетилет, бул республиканын мунай продукциясына болгон муктаждыгын жабууга мүмкүндүк берет. Ал эми дизелдик отунга болгон талаптын бир бөлүгү (болжол менен 30%) өлкө тарабынан, негизинен Россиядан келген импорт аркылуу жабылат. Казакстандагы мунайды кайра иштетүүчү заводдорго мунай жеткирүү базар баасында эмес, наркы боюнча жүргүзүлөт.

Беларусияда мамлекеттик үлүшү бар 2 ири мунайды кайра иштетүүчү завод бар: Мозыр мунайды кайра иштетүүчү заводу жана «Нафтан» ААК. Бул нефтини кайра иштетүүчү заводдордун өндүрүштүк кубаттуулугу республиканын мунай заттарына болгон муктаждыгын жабат. Мындан тышкары, республика мунай заттарын экспорттойт. 2020-жылы экспорттун көлөмү 8.49 млн тоннаны түзгөн.

Армения Кыргызстан сыяктуу импортко көз каранды өлкө. 2020-жылы Арменияда импорттун көлөмү 20.5% га көбөйгөн. Армениянын негизги импортерлору – Россия (69%), жана Иран (23.3%) болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2025-жылы 247 үйдө кырсык катталып, МКУ 32 млн сом төлөп берген

Кыргызстанда 2025-жылы 247 үйдө кырсык катталып, МКУ 32 млн сом төлөп берген

Кыргызстандагы турак жайлардын 27,5%ы камсыздандырылганын Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчисинин орун басары Бактыгул Абдыжалиев билдирди. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 215 миң турак жай болсо, анын 361 миңи камсыздандырылган. 2023-жылы 97 турак жайда кырсык катталып, аны калыбына келтирүүгө Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 13,5 млн сом

Айыл чарба аймактарын чегирткеден коргоо боюнча окуу өттү

Айыл чарба аймактарын чегирткеден коргоо боюнча окуу өттү

Кавказ өлкөлөрү жана Борбордук Азия чегирткенин кайталанган чабуулдарынан улам айыл чарба аймактарын коргоо үчүн кызматташууну күчөтүүдө. Италиялык прус, марокко чегирткеси жана азиялык көчмөн чегиртке топ-тобу менен, чек арадан өтүп кетүүчү коркунучун жаратып, өз убагында чара көрүлбөсө олуттуу зыян келтирүү ыктымалдыгы күч алган. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму(АТАЧУ) өлкөлөргө

Кыргызстанда фермерлер үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренингдер өтүп жатат

Кыргызстанда фермерлер үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренингдер өтүп жатат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кооперация, механизация жана инновациялык технологиялар департаменти БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму(АТАЧУ) менен биргеликте фермерлердин каржылык сабаттуулугун жогорулатууга жана айыл чарба кооперациясын өнүктүрүүгө багытталган тренинг өткөрүп жатат. Үч күндүк тренинг 25–27-февраль күндөрү Бишкек шаарында Нарын, Ысык-Көл, Талас

Бишкекте аз камсыз болгон 456 үй-бүлөгө эт консервалары таратылат

Бишкекте аз камсыз болгон 456 үй-бүлөгө эт консервалары таратылат

Бишкек шаарында "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуучу 456 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлөрүн мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, калктын аярлуу катмарларын колдоо максатында Бишкек шаарына Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан жалпысынан 2 280 даана эт консервасы бөлүнүп берилген. "Бул чара турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү колдоого багытталып, мамлекеттик