Туркомпанияларга акселерацияга катышууга кабыл алуу башталды – 50 миң долларга чейин колдоо алса болот

Туркомпанияларга акселерацияга катышууга кабыл алуу башталды – 50 миң долларга чейин колдоо алса болот

Accelerate Prosperity туристтик компаниялар арасында капиталга инвестициялоо мүмкүнчүлүгү менен бизнес акселераторуна катышуу үчүн сунуштарды кабыл алууну жарыялайт.

Арыздар Кыргызстандын бардык аймактарынан инновациялык ыкмасы бар туристтик уюмдардан кабыл алынат.

  • окуялуу туризми
  • ХОРЕКАда иштеген уникалдуу туристтик продуктылары бар ишканалар
  • калыбына келтирүү жана ден соолукту чыңдоо менен байланышкан туристтик багыттары жана башка ар кандай инновациялык ыкмалары менен туризмге багытталган компаниялар.

Компаниялардын жергиликтүү рынокто бир жылдан кем эмес тажрыйбасы жана жылдык кирешеси 350 миң сом болушу керек. Акселератордун алкагында туристтик бизнести башкаруу жана өзүнүн бизнесин өзү диагностика кылуу боюнча темалар каралат. Алынган билимдер ишкерлерге өз ишмердүүлүгүн жакшыртууга, кирешени көбөйтүүгө жана бизнести өнүктүрүүнүн туруктуулугуна жетишүүгө мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Бизнес-акселератордун программасы кесипкөй бизнес-консультанттардын (трекерлердин), конок спикерлердин колдоосун жана бизнес-процесстерин окутууну камтыйт. Программанын бүтүрүүчүлөрү өз компанияларын өнүктүрүү үчүн 50 000 долларга чейинки инвестицияларды алууга мүмкүнчүлүк алышат. Тандалган ишкерлер үчүн катышуусу акысыз.

Арыздар Кыргызстандын бардык аймактарынан кабыл алынат.

Акыркы мөөнөтү: 2021-жылдын 20-декабры.

Каржылоо шарттары менен бул шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Суроолор боюнча +996 (990) 935 008 номуруна чалыңыз.

  • Акселерация АКШнын Эл аралык өнүктүрүү Агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фонду биргелешип каржылаган «Жергиликтүү өзгөрүү» долбоорунун алкагында өтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2025-жылы 247 үйдө кырсык катталып, МКУ 32 млн сом төлөп берген

Кыргызстанда 2025-жылы 247 үйдө кырсык катталып, МКУ 32 млн сом төлөп берген

Кыргызстандагы турак жайлардын 27,5%ы камсыздандырылганын Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчисинин орун басары Бактыгул Абдыжалиев билдирди. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 215 миң турак жай болсо, анын 361 миңи камсыздандырылган. 2023-жылы 97 турак жайда кырсык катталып, аны калыбына келтирүүгө Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 13,5 млн сом

Айыл чарба аймактарын чегирткеден коргоо боюнча окуу өттү

Айыл чарба аймактарын чегирткеден коргоо боюнча окуу өттү

Кавказ өлкөлөрү жана Борбордук Азия чегирткенин кайталанган чабуулдарынан улам айыл чарба аймактарын коргоо үчүн кызматташууну күчөтүүдө. Италиялык прус, марокко чегирткеси жана азиялык көчмөн чегиртке топ-тобу менен, чек арадан өтүп кетүүчү коркунучун жаратып, өз убагында чара көрүлбөсө олуттуу зыян келтирүү ыктымалдыгы күч алган. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму(АТАЧУ) өлкөлөргө

Кыргызстанда фермерлер үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренингдер өтүп жатат

Кыргызстанда фермерлер үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренингдер өтүп жатат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кооперация, механизация жана инновациялык технологиялар департаменти БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму(АТАЧУ) менен биргеликте фермерлердин каржылык сабаттуулугун жогорулатууга жана айыл чарба кооперациясын өнүктүрүүгө багытталган тренинг өткөрүп жатат. Үч күндүк тренинг 25–27-февраль күндөрү Бишкек шаарында Нарын, Ысык-Көл, Талас

Бишкекте аз камсыз болгон 456 үй-бүлөгө эт консервалары таратылат

Бишкекте аз камсыз болгон 456 үй-бүлөгө эт консервалары таратылат

Бишкек шаарында "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуучу 456 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлөрүн мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, калктын аярлуу катмарларын колдоо максатында Бишкек шаарына Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан жалпысынан 2 280 даана эт консервасы бөлүнүп берилген. "Бул чара турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү колдоого багытталып, мамлекеттик