Кийинки жылы Жерүйдөн 5 тонна алтын алабыз, – Жапаров

Кийинки жылы Жерүйдөн 5 тонна алтын алабыз, – Жапаров

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров россиялык «Коммерсант» басылмасына өнөктөш өлкөлөрдөн эң көп күтүлгөн инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди.

Алардын ичинен россиялык инвесторлор «Альянс Алтын» менен Жерүй кенин иштетүү ийгиликтүү башталганын баса белгиледи.

«Өткөн жылы Россия менен Жерүй ири алтын кени ишке киргизилген, алгачкы 5 тонна алтын кийинки жылы казылып алынат деп үмүт кылуудабыз», – деди Жапаров.

Эске салсак, Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине Жерүй кенинен түшкөн кирешеси 3 млрд сомдон ашты

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Талас облусунда салык жана башка төлөмдөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2.5 эсеге өсүп, 2 млрд 120 млн сомду түзүп, рекорддук көрсөткүчкө жетти. Райондун кирешесинин мындай олуттуу өсүшү Жерүй кенин ишке киргизүүнүн аркасында ишке ашууда. Учурда облустун кирешесинин дээрлик үчтөн эки бөлүгүн «Альянс Алтын» ЖЧК кенди иштетүүчү ишканасы камсыздайт. Мунун аркасында дээрлик дайыма дотацияда жүргөн Талас облусу дароо эле республика боюнча салык жана башка төлөмдөр боюнча акыркы орундан 6-орунга көтөрүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2025-жылы 247 үйдө кырсык катталып, МКУ 32 млн сом төлөп берген

Кыргызстанда 2025-жылы 247 үйдө кырсык катталып, МКУ 32 млн сом төлөп берген

Кыргызстандагы турак жайлардын 27,5%ы камсыздандырылганын Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчисинин орун басары Бактыгул Абдыжалиев билдирди. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 215 миң турак жай болсо, анын 361 миңи камсыздандырылган. 2023-жылы 97 турак жайда кырсык катталып, аны калыбына келтирүүгө Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 13,5 млн сом

Айыл чарба аймактарын чегирткеден коргоо боюнча окуу өттү

Айыл чарба аймактарын чегирткеден коргоо боюнча окуу өттү

Кавказ өлкөлөрү жана Борбордук Азия чегирткенин кайталанган чабуулдарынан улам айыл чарба аймактарын коргоо үчүн кызматташууну күчөтүүдө. Италиялык прус, марокко чегирткеси жана азиялык көчмөн чегиртке топ-тобу менен, чек арадан өтүп кетүүчү коркунучун жаратып, өз убагында чара көрүлбөсө олуттуу зыян келтирүү ыктымалдыгы күч алган. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму(АТАЧУ) өлкөлөргө

Кыргызстанда фермерлер үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренингдер өтүп жатат

Кыргызстанда фермерлер үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренингдер өтүп жатат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кооперация, механизация жана инновациялык технологиялар департаменти БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму(АТАЧУ) менен биргеликте фермерлердин каржылык сабаттуулугун жогорулатууга жана айыл чарба кооперациясын өнүктүрүүгө багытталган тренинг өткөрүп жатат. Үч күндүк тренинг 25–27-февраль күндөрү Бишкек шаарында Нарын, Ысык-Көл, Талас

Бишкекте аз камсыз болгон 456 үй-бүлөгө эт консервалары таратылат

Бишкекте аз камсыз болгон 456 үй-бүлөгө эт консервалары таратылат

Бишкек шаарында "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуучу 456 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлөрүн мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, калктын аярлуу катмарларын колдоо максатында Бишкек шаарына Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан жалпысынан 2 280 даана эт консервасы бөлүнүп берилген. "Бул чара турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү колдоого багытталып, мамлекеттик