«Манас» аэропортунун таза кирешеси быйыл 3 млрд сомдон ашат

«Манас» аэропортунун таза кирешеси быйыл 3 млрд сомдон ашат

«Манас» эл аралык аэропорту ААК 2021-жылы 3 млрд сомдон ашык таза киреше алууну күтүүдө. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан (КФБ) билдиришти, ага ылайык, бюджет акционерлердин жыйынында бекитилген.

Божомолдор боюнча, жыл аягына чейин киреше 6.5 млрд сомду, чыгашалар 3.2 млрд сомго жетет.

Учурда «Манас» аэропортунун акцияларынын саны 27.8 млн бирдикти, ал эми капиталдаштыруу 15.9 млрд сомду түзөт. Компания 2008-жылдан бери КФБнын расмий тизмесинде жана эл аралык отчеттуулуктун жана ачыктыктын стандарттарына жооп берген жогорку натыйжалуулукту көрсөткөн биржанын үлгүлүү листингдик компаниялардын бири болуп саналат.

Белгилей кетсек, ноябрь айында «Манас» аэропортунун жөнөкөй акцияларынын баасы 550 сомго жеткен. КФБнын маалыматты ачыкка чыгаруу бөлүмүнүн башчысы Ирина Иванова бул өсүш катышуучулардын оң күтүүлөрү менен байланыштуу экенин билдирген. II кварталда «Манас» аэропорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу таза кирешеcbнин үч эсеге өскөндүгүн көрсөткөн.

Мындан тышкары, жыйында аэропорттун учуп-конуу тилкесин реконструкциялоо долбоору жактырылды. Ошондой эле өлкөнүн жогорку жетекчилигин ташуу жана ички каттамдарды ишке ашыруу менен алектенген «Эйр KG» туунду компанияга учак сатып алуу маселеси каралган болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2025-жылы 247 үйдө кырсык катталып, МКУ 32 млн сом төлөп берген

Кыргызстанда 2025-жылы 247 үйдө кырсык катталып, МКУ 32 млн сом төлөп берген

Кыргызстандагы турак жайлардын 27,5%ы камсыздандырылганын Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчисинин орун басары Бактыгул Абдыжалиев билдирди. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 215 миң турак жай болсо, анын 361 миңи камсыздандырылган. 2023-жылы 97 турак жайда кырсык катталып, аны калыбына келтирүүгө Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 13,5 млн сом

Айыл чарба аймактарын чегирткеден коргоо боюнча окуу өттү

Айыл чарба аймактарын чегирткеден коргоо боюнча окуу өттү

Кавказ өлкөлөрү жана Борбордук Азия чегирткенин кайталанган чабуулдарынан улам айыл чарба аймактарын коргоо үчүн кызматташууну күчөтүүдө. Италиялык прус, марокко чегирткеси жана азиялык көчмөн чегиртке топ-тобу менен, чек арадан өтүп кетүүчү коркунучун жаратып, өз убагында чара көрүлбөсө олуттуу зыян келтирүү ыктымалдыгы күч алган. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму(АТАЧУ) өлкөлөргө

Кыргызстанда фермерлер үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренингдер өтүп жатат

Кыргызстанда фермерлер үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренингдер өтүп жатат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кооперация, механизация жана инновациялык технологиялар департаменти БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму(АТАЧУ) менен биргеликте фермерлердин каржылык сабаттуулугун жогорулатууга жана айыл чарба кооперациясын өнүктүрүүгө багытталган тренинг өткөрүп жатат. Үч күндүк тренинг 25–27-февраль күндөрү Бишкек шаарында Нарын, Ысык-Көл, Талас

Бишкекте аз камсыз болгон 456 үй-бүлөгө эт консервалары таратылат

Бишкекте аз камсыз болгон 456 үй-бүлөгө эт консервалары таратылат

Бишкек шаарында "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуучу 456 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлөрүн мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, калктын аярлуу катмарларын колдоо максатында Бишкек шаарына Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан жалпысынан 2 280 даана эт консервасы бөлүнүп берилген. "Бул чара турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү колдоого багытталып, мамлекеттик