Электробустардын жол киреси 11 сомдон болот – арзан болбойт
2022-жылы республикага алынып келинип, жумушка кирчү электробустардын жол киреси 11 сомдон болот. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Эскерте кетсек, Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) КРга аккумулятордук автобустарды алууга жана Бишкектин транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга жардам берүү үчүн 50.65 млн доллар берет.
Шаарды электрлештирүү долбоору 25 млн доллар өлчөмүндөгү кредитти, 25 млн доллар өлчөмүндөгү грантты жана Жогорку технологиялар паркынан 650 миң доллар өлчөмүндөгү кошо каржылоону камтыйт жана эскирген дизелдик автобустарды жана троллейбустарды алмаштыруу үчүн 120 заманбап аккумулятор менен иштеген автобустарды сатып алууну каржылайт.