Быйыл Нарын облусунда 66 чакырымдан ашык СИП кабель тартылат

Быйыл Нарын облусунда 66 чакырымдан ашык СИП кабель тартылат

Быйыл Нарын облусунда 66,36 чакырым 10/0,4 кВ чыңалуудагы СИП-2 жана СИП-3 кабелдерин тартуу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Бул иштер Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында ишке ашырылат. Долбоор “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан каржыланып, апрель айынан башталып, октябрь айынын аягына чейин толук бүткөрүлүшү пландалууда.

Реконструкциялоо жана жаңы куруу иштери төмөнкү райондордо аткарылат:

  • Ат-Башы району — 14 км
  • Ак-Талаа району — 6,8 км
  • Кочкор району — 14,5 км
  • Жумгал району — 6,5 км
  • Тогуз-Торо району — 7,6 км
  • Нарын району — 16,9 км
СИП кабелдерин колдонуу электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатат. Алар аба ырайынын таасирине туруктуу болуп, электр энергиясынын жоготууларын азайтат, авариялык өчүрүүлөрдү кыскартат жана тейлөө чыгымдарын төмөндөтөт. Ошондой эле коопсуздукту камсыздап, калктуу конуштарда электр тармактарын пайдаланууну ыңгайлуу кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Таш-Көмүрдө эски көпүрөнү заманбап эс алуу жайына айландыруу пландалууда

Таш-Көмүрдө эски көпүрөнү заманбап эс алуу жайына айландыруу пландалууда

Таш-Көмүр шаарындагы пайдаланылбай калган "Капитальная" көпүрөсүн кайра жандандырып, туристтик объектке айландыруу боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Долбоор Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Таш-Көмүр шаардык башкармалыгынын архитекторлору тарабынан даярдалган. "Капитальная" көпүрөсү

Нарындын алты айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү талкууланды

Нарындын алты айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү талкууланды

Нарын облусунда 2026-жылдын январь-июнь аралыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары каралып, алдыдагы милдеттер белгиленди. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, облустук коллегиянын кезектеги отурумунда ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаровдун төрагалык кылды. Жыйында облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү, аткарылган иштер жана чечүүнү талап кылган маселелер боюнча маалымат беришти.

Сузакта кытайлык жарандар жашаган үйдө экологиялык мыйзам бузуулар катталды

Сузакта кытайлык жарандар жашаган үйдө экологиялык мыйзам бузуулар катталды

Барпы айыл аймагындагы Чангет-Сай айылында экологиялык абал боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, А. Нышанбаев көчөсүндө убактылуу жашап жаткан кытайлык жарандар пайдаланган турак үйдөн чыккан саркынды суулар арыкка агызылып жатканы аныкталды. Турак жайдын ээсине экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн

Сузак жана Өзгөндө 742 гектар жердин көчөт отургузууга ылайыктуулугу бааланат

Сузак жана Өзгөндө 742 гектар жердин көчөт отургузууга ылайыктуулугу бааланат

Сузак жана Өзгөн райондорундагы 2027-жылы токой жана мөмө-жемиш көчөттөрү отургузула турчу аймактарга социалдык-экологиялык скрининг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, иштер БУУнун Жашыл климаттык фонддун каржылоосундагы CS-FOR долбоорунун алкагында ишке ашырылып, жалпысынан 742,82 гектар жер алдын