Пластик иштетүүчү заводдун жабдууларына 80 миң доллар кеткен

Пластик иштетүүчү заводдун жабдууларына 80 миң доллар кеткен

Бишкек шаарындагы BeGreen экологиялык кыймылы пластикти кайра иштетүүчү чакан заводдун жабдууларын алууга 80 миң доллар сарптаганын ишкананын негиздөөчүлөрүнүн бири Аман Сейдакматов «Марал Радиосуна» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, завод жаратылышка кам көргүсү келген жарандардын жардамы менен ишке кирүүдө. Ал эми техникалык жабдуулар болсо Кытайдан алынып келинген.

«Жабдуулардын иштөөсү, бизнес процесстер боюнча ар кандай донорлордон эксперттерди тартууга аракет кылуудабыз. Жалпы каражат өзүбүздүн күч десек болот. Биз сатып алган жабдуунун баасы: 80 миң доллар», – деген ал.

Ошондой эле негиздөөчүлөрдүн айтканына караганда алар ачып жаткан заводдогу станоктор, техникалар — жаратылышка зыяны жок, эч кандай химиялык кошулмалары жок, бардыгы табигый механикалык жол менен иштей турган жабдуулар болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта инвестордун акчасын мыйзамсыз ээлеп алган милиция кызматкери кармалды

Таласта инвестордун акчасын мыйзамсыз ээлеп алган милиция кызматкери кармалды

Таласта милиция кызматкери Түркия жарандарынын акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Атайын кызмат укук коргоо органдарындагы коррупцияны аныктоо иштеринин алкагында ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Талас облусу боюнча ыкчам кызматкери Э.М.А.ны кармады. Тактап айтканда, Э.М.А. өзүнүн кылмыштуу ниетин

Кыйынчылыктар мүмкүнчүлүктөргө айланганда: баткендик ишкер кантип жаңы бизнес ачты

Кыйынчылыктар мүмкүнчүлүктөргө айланганда: баткендик ишкер кантип жаңы бизнес ачты

Өз бизнесиңди нөлдөн баштоо оңой иш эмес. Муну Максат айылынын тургуну Рахмонберди Рахмонбердиев да жакшы билет. Үй-бүлөсүн багып, өз ишин ачуу үчүн акча табуу максатында ал эмгек миграциясына кетүү тууралуу оор чечимди кабыл алууга аргасыз болгон.  Өз жолун табуу аракети. Орусияда өткөн жылдар Рахмонберди 40 жашта, бүгүнкү күндө жубайы экөө

Түркия жаранынын 35 500 долларын алдап алган милиция кызматкери кармалды

Түркия жаранынын 35 500 долларын алдап алган милиция кызматкери кармалды

Талас облусунда ИИМдин Тергөө кызматынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери Э.М.А. Түркиянын жаранынын акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча кармалганын УКМК билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын апрель айында милиция кызматкери Түркиянын жараны Х.К.нын ишенимине кирип, кымбат баалуу "паслён" тукумундагы чөп өсүмдүктөрүн отургузуу жана өстүрүү, кийин

Быйыл Нарын облусунда 66 чакырымдан ашык СИП кабель тартылат

Быйыл Нарын облусунда 66 чакырымдан ашык СИП кабель тартылат

Быйыл Нарын облусунда 66,36 чакырым 10/0,4 кВ чыңалуудагы СИП-2 жана СИП-3 кабелдерин тартуу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Бул иштер Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында ишке ашырылат. Долбоор “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан каржыланып, апрель айынан башталып, октябрь айынын аягына чейин