«Колунда жок» ишкерлерге ККМ аппаратын Салык кызматы өзү коюп берет

«Колунда жок» ишкерлерге ККМ аппаратын Салык кызматы өзү коюп берет

«Колунда жок» ишкерлерге ККМ аппаратын Салык кызматы өзү коюп берет. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.

Жыйында депутат Алайбек Алымбаев ККМ аппараттарын салык төлөөчүлөр өздөрү сатып алыш керекпи деген суроосун койду.

«Негизи учурда ККМ жок, бирок колунда жокторго коюп бере алабыз. Калган ККМди салык төлөөчүлөр өздөрү сатып алып иштетишет го дейм», – деди  Абдувапов.

Ал эми депутат Дастанбек Жумабековдун айтканына караганда, алыскы интернет жакшы тартпаган аймактарда дүкөндөр ККМди иштетүү кыйынчылыгына дуушар болушу мүмкүн. Бирок Салык кызматынын төрагасы Кыргызстандын бүт жеринде интернет тартаарын, андан бир маселе чыкпай тургандыгын билдирди.

Салык кызматынын төрагасынын билдиргенине караганда, Россия 30 миң ККМ бекер берүүнү убада кылган жана банктар дагы 10 миң аппарат алып берген.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр Кыргызстандан Красноярск шаарына 14 365 тотукуш жеткирилген

Былтыр Кыргызстандан Красноярск шаарына 14 365 тотукуш жеткирилген

2025-жылы Кыргызстандан Красноярск шаарына 14 миң  365 декоративдүү канаттуулар, негизинен түстүү тотукуштар, ажырагыс тотукуштар жана кореллалар жеткирилген. Бул тууралуу Красноярск аймагы боюнча Россиянын Айыл чарба жана ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, Россиянын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пунктунда (Красноярск эл аралык аэропорту) мекеменин адистери канаттууларга ветеринардык көзөмөл

Тигүү тармагындагы ишканалар жеңилдетилген насыя ала алышат

Тигүү тармагындагы ишканалар жеңилдетилген насыя ала алышат

Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-январындагы №1-тескемеси менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын ЧОИ субъекттерин пайыздык чендерди субсидиялоо жолу менен жеңилдетилген кредиттөө" долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Бул долбоордун алкагында тигүү тармагындагы ишканалар ыйгарым укуктуу финансы-кредиттик уюмдар аркылуу жеңилдетилген кредит ала алышат. Кредиттөө төмөнкү банктар аркылуу жүргүзүлөт:

Кыргызстанда былтыр медициналык мекемелерден 3 млн 349 миң сом айып пул алынган

Кыргызстанда былтыр медициналык мекемелерден 3 млн 349 миң сом айып пул алынган

2025-жылы Кыргызстанда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы медициналык мекемелерде 3 145 комплекстүү текшерүү жүргүзгөн. Анын ичинен 959 текшерүү жеке клиникаларда өткөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Санжар Темирбеков билдирди. Анын айтымында, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 2 245 санитардык талаптар берилген, ал эми 1 111 жооптуу адам

Япония эл аралык кызматташтык уюму Кыргызстанга 11 млн. 600 миң доллар кайтарымсыз каражат бөлөт

Япония эл аралык кызматташтык уюму Кыргызстанга 11 млн. 600 миң доллар кайтарымсыз каражат бөлөт

Япония эл аралык кызматташтык уюму(JICA) Кыргызстанга 11 млн 600 миң доллар өлчөмүндө кайтарымсыз каражат бөлөрүн Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Темирбек Эркинов билдирди. Анын айтымында, каражаттар Ош шаарындагы түштүк аймагына кызмат көрсөткөн референс-ооруканаларды заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоого багытталат. Гранттын алкагында төмөнкү жабдууларды сатып