Кыргызстанда былтыр медициналык мекемелерден 3 млн 349 миң сом айып пул алынган

Кыргызстанда былтыр медициналык мекемелерден 3 млн 349 миң сом айып пул алынган

2025-жылы Кыргызстанда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы медициналык мекемелерде 3 145 комплекстүү текшерүү жүргүзгөн. Анын ичинен 959 текшерүү жеке клиникаларда өткөн.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Санжар Темирбеков билдирди.

Анын айтымында, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 2 245 санитардык талаптар берилген, ал эми 1 111 жооптуу адам административдик жоопкерчиликке тартылган. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузган кесепеттүү учурларда 116 мекеменин иши токтотулган.
Жалпы алынган айып пул 3 млн  349  миң сомду түзгөн.

Санжар Темирбеков белгилегендей, текшерүүлөрдү Министрлер кабинетинин Экономика министрлиги менен макулдашуу жана жеке мекемелерге текшерүүдөн он күн мурун кабар берүү милдети эффективдүү көзөмөл жүргүзүүгө олуттуу тоскоолдук жаратып келет.

Мындан тышкары окуңуз

Салык карызынын 97%ы эсептен чыгарылат: кимдерге жеңилдик берилди?

Салык карызынын 97%ы эсептен чыгарылат: кимдерге жеңилдик берилди?

Кыргызстанда айрым салык төлөөчүлөргө салык карыздарын, туум жана санкцияларды эсептен чыгарууга мүмкүнчүлүк берген жаңы мыйзам кабыл алынды. Бирок жеңилдиктер автоматтык түрдө колдонулбайт, мыйзамда белгиленген шарттарды аткаруу талап кылынат. Салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдагандай, мал экспорттоочулардын 2026-жылдын 1-январына чейинки салык карызынын 97%ы, ошондой эле туум жана санкциялардын

Кыргызстан менен Швейцария эл аралык автоташуулар боюнча келишимге кол койду

Кыргызстан менен Швейцария эл аралык автоташуулар боюнча келишимге кол койду

Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль транспорту менен эл аралык ташуу боюнча Өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Швейцариянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сироко Мессерли менен жолугушту. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы

Баткенде күз-кышка даярдык: калкка 101 миң тонна көмүр талап кылынат

Баткенде күз-кышка даярдык: калкка 101 миң тонна көмүр талап кылынат

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов күз-кышка даярдык көрүү боюнча буйругу кабыл алынып, облустук штабдын курамы жана иш-чаралар планы бекитилди. Аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында калкты көмүр менен камсыз кылуу, түйүндөрдү ачуу, баасын туруктуу кармоо, ошондой эле электр жарыгы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз

Таласта 11,9 млн сомдук долбоордун алкагында жабык дренаж курулууда

Таласта 11,9 млн сомдук долбоордун алкагында жабык дренаж курулууда

Талас шаарындагы Тагайбаев көчөсүндө жалпы узундугу 1377 метр болгон жабык дренаж системасын куруу иштери башталды. Бул тууралуу ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы сметалык баасы 11 млн 899 миң 720 сомду түзөт. Учурда 600 метр аралыкта казуу иштери жүргүзүлүп, бардык иш-аракеттер белгиленген тартип боюнча уланууда.