Япония эл аралык кызматташтык уюму Кыргызстанга 11 млн. 600 миң доллар кайтарымсыз каражат бөлөт

Япония эл аралык кызматташтык уюму Кыргызстанга 11 млн. 600 миң доллар кайтарымсыз каражат бөлөт

Япония эл аралык кызматташтык уюму(JICA) Кыргызстанга 11 млн 600 миң доллар өлчөмүндө кайтарымсыз каражат бөлөрүн Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Темирбек Эркинов билдирди.

Анын айтымында, каражаттар Ош шаарындагы түштүк аймагына кызмат көрсөткөн референс-ооруканаларды заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоого багытталат.

Гранттын алкагында төмөнкү жабдууларды сатып алуу пландалууда:

  • ангиографиялык комплекс (кан тамыр жана жүрөк операциялары үчүн);
  • МРТ (магниттик-резонанстык томограф);
  • маммограф (эмчек ооруларын аныктоо үчүн);
  • рентген аппараттары.

Жогорку Кенештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитети Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоорун жактырды. Документ ушул жумада парламенттин пленардык жыйынында каралары күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

"Рухтун жел кайыктары": Ысык-Көлдө эл аралык регата башталды

"Рухтун жел кайыктары": Ысык-Көлдө эл аралык регата башталды

Иш-чаранын активдүү катышуучуларынын арасында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Россиядан келген ден соолугунан майыптыгы бар адамдар бар. 2026-жылдын 24-августунан 5-сентябрына чейин Кыргызстандын Ысык-Көлүндө "Рухтун жел кайыктары – 2026: Экстрабилити кыймылы. Улантууну тандайбыз" эл аралык инклюзивдик долбоорунун биринчи этабы өтүүдө. Долбоор "Росатом" мамлекеттик

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ош шаарындагы Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында аянты 15 гектар болгон жаңы эс алуу багы ачылды. Ал жер гүлдөр жана жашыл бактар менен көрктөндүрүлүп, түнкү жарыктандыруулар орнотулгон. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, депутаттар жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты. Марлен Маматалиев

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Индиянын IANS маалымат агенттигине маек берди. Улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, ал маекте өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Мындан сырткары, Кыргызстандын өнүгүү келечеги тууралуу сөз болуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик