Кыргызстандын аймагында – Лейлекте тажик аскерлери суу ташуучу унаага ок чыгарышты

Кыргызстандын аймагында – Лейлекте тажик аскерлери суу ташуучу унаага ок чыгарышты

Лейлек районунун Максат айылында тажик аскерлери карапайым элге ок чыгарган. Маалыматты 24.kg агенттигине айыл башчысы Кубат Нышанов тастыктаган.

Анын айтымында, тажик аскерлери суу ташуучу унаа тарапты көздөй ок чыгарышкан.

«Алар айдоочуга ок чыгарган. Себебин азырынча билбейбиз. Мунун баары Кыргызстандын аймагында болду», – деген Кубат Нышанов.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта “Манас Ордо” жана “Баластандын” курулушу кызуу жүрүүдө

Таласта “Манас Ордо” жана “Баластандын” курулушу кызуу жүрүүдө

Талас облусунда “Манас Ордо” улуттук комплексин реконструкциялоо жана “Баластан” заманбап оюн-зоок борборун куруу иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, облус жетекчиси Эрмат Жумаев курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министринин орун басары Иманакун уулу Талантбек менен биргеликте курулуп жаткан объектилердин абалы менен жеринде таанышты.

Салык кызматы: 11 айда 2,1 млн тонна күйүүчү-майлоочу май маркаланган

Салык кызматы: 11 айда 2,1 млн тонна күйүүчү-майлоочу май маркаланган

Мамлекеттик салык кызматы күйүүчү майды маркалоо оператору – "Учкун" ачык акционердик коому менен биргеликте 2025-жылдын 1-декабрына карата 2 млн 142,2 миң тонна бензин жана дизель отунун маркалады. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мындан тышкары, 2025-жылдын 11 айында күйүүчү-майлоочу материалдарга (КММ) карата акциз салыгы боюнча 3 млрд 736,7

Автотетик ичине катылып бараткан 7 килограммдан ашык алтын кармалды

Автотетик ичине катылып бараткан 7 килограммдан ашык алтын кармалды

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жана Бажы комитетинин кызматкерлери ири көлөмдөгү алтынды контрабандалык жол менен алып өтүү аракетин токтотушканын  Podrobno.uz басылмасы маалымдады. Маалыматка ылайык, укук коргоо органдары Фергана облусунун 31 жаштагы тургунун "Дустлик" чек ара бекетине жакын жерден кармашкан. Анын сумкасын текшерүү учурунда инспекторлор үч даана металлдан жасалган

Кыргызстан, Афганистан транспорттук кызматташтыкты чыңдайт

Кыргызстан, Афганистан транспорттук кызматташтыкты чыңдайт

Кечээ Кабул шаарында транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев Афганистандын транспорт жана жарандык авиация министринин орун басары Абдул Хайдари жолугуп Кыргызстан менен Афганистандын ортосундагы транспорттук кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.  Эл аралык жүк ташууларды кеңейтүү максатында кыргыз тарап 2026-жылга карата 1000 даана уруксат бланктарын алмашууну сунуштап, афган тарап бул