Талантбек Кушчубеков Кыргызстандын Венгриядагы Элчиси болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кушчубеков Талантбек Чоюбекович КРнын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, чыгыш таануучу-арабист Талантбек Кушчубеков мурда Тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызматын аркалап келген. Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи дипломатиялык рангына ээ.
Мындаш тышкары, президент Ибрагим Жунусовду КРнын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотту. Бирок анын ордуна ким дайындалгандыгы тууралуу маалымат берилген жок.
Ал эми Аида Касымалиева Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.