3 коммерциялык банкта жаңы дайындоолор болду – «Халык Банк», «ФинансКредитБанк», «РСК»
Улуттук банк үч коммерциялык банктын кызмат орундарына талапкерлерди бекитти. Бул тууралуу жөнгө салуучунун маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, УБ «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү, тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Ержанов Ануар Булатовичтин талапкерлигин бекитти.
Ал эми «ФинансКредитБанк» ААКтын башкы бухгалтери кызмат ордуна Маткабылова Нуркыз Аттокуровнанын талапкерлиги жактырылды.
Ошондой эле УБ «РСК Банкы» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Асизов Касен Асизовичтин талапкерлигине макулдук берди.