Казактар негизсиз текшере беришет. Бишкекте жүк ташыган айдоочулар да митингге чыгышты
Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары бүгүн, 24-декабрда Транспорт жана коммуникация министрлигинин имаратынын жанында митингге чыгышты. Алар Транспорт министрлигинин жетекчиси Эркинбек Осоевдин жумуштан кетүүсүн талап кылышууда.
Айдоочулар Казакстан аркылуу жүк ташууда негизсиз текшерүүлөр болуп жатканын айтып, нааразы болушууда.
«Казактар биздин айдоочуларды тынымсыз токтото беришет. Алар менен келишим түзөбүз, бирок алардын бир пункту да иштебейт. Салмагы жана өлчөмү жагынан бизде баары ойдогудай болсо да, жумалап күтөбүз. Ошондой эле уруксат кагаздар да бар. Транспорт министрлигине келип, 20 күндөн бери алалбайм. Ал жок болсо, айлап күтүүгө туура келет», – дейт айдоочулардын бири.
Ошондой эле Транспорт министрлиги жакшы иштей албай жатканын айтып, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушууну талап кылышууда.