Жаңы Салык кодексинде эмнелер өзгөрөт – Экономика министрлиги жооп берет

Жогорку Кеңештин депутаттары 2022-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган жаңы Салык кодексинин долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты. Коомчулукта кызуу талкууда болуп жаткан жаңы Салык кодексине ылайык, эмнелер өзгөрөрүн Экономика министрлиги түшүндүрүп берди.

Ведомстводон белгилешкендей, долбоордо ишкерлер үчүн да, мамлекет үчүн да салыктык башкаруунун туруктуулугуна жана сапатына оң таасирин тийгизүүчү олуттуу өзгөрүүлөр каралган:

  • Форс-мажордук жагдайларды (салык системасынын туруктуулугу, бизнести пландаштыруу жана инвестициялык долбоорлор) кошпогондо, Салык кодексине жылына бир жолудан ашык өзгөртүү киргизилбейт
  • Салык салууда эки негизги ыкма болот: жалпы режим жана Бирдиктүү салык
  • Экономика министрлигинин жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү Салык кызматы үчүн милдеттүү болот
  • Бирдиктүү салык режимин чакан гана эмес, акча жүгүртүүсү 30 млн сомго чейин болгон орто бизнес да колдоно алат (бир кварталдык отчет)
  • Кэшбэк. Чектерде көрсөтүлгөн сатып алынган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын бир бөлүгүн кайтаруу боюнча долбоорду ишке киргизүү
  • Салыктык контролдун дистанциялык системасын ишке киргизүү нормасы түзүлдү
  • Карыздын негизги суммасын жана калган туумдарды төлөгөндөн кийин салык төлөөчүгө 50% айыптык санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруу
  • Экспорттоочу ишканалар үчүн КНСти кайтаруунун жөнөкөйлөтүлгөн механизми
  • Ислам каржылоо принциптерине ылайык иш алып баруу
  • Кыргызстандын аймагында электрондук түрдө (GOOGLE, YANDEX, YANDEX TAXI) кызмат көрсөткөн компанияларга КНСти төлөө режими киргизилүүдө. Ошондой эле, электрондук коммерция чөйрөсүндөгү ишмердүүлүк үчүн атайын салык режими киргизилет
  • Тигүү, зергерчилик, авиация өнөр жайынын субъекттери үчүн салыктык жеңилдиктер каралган, электр автобустарын чыгаруу жана жеткирүү долбоорлору да КНСтен бошотулган
  • Ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн сатуу салыгы 2%дан 1%га чейин төмөндөтүлгөн
  • Милдеттүү патентке жана салыктык контракттарга негизделген салык режимдери жоюлду (адилет салык жүгү принциби).

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун