Энергетикалык компанияларды оптималдаштыруудан түшкөн 1.7 млрд сом тышкы карыздарды жабууга жумшалат
Энергетика тармагынын тышкы карызы 28 жыл ичинде 2.2 млрд долларды түзсө, учурда техникалык жабдуулардын 70%дан ашыгы эскирген абалда экенин 25-январда Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилин өткөрүүгө республикалык бюджеттен 3.3 млрд сом бөлүнгөн, бирок калктын көмүр менен жетиштүү түрдө камсыз болбой калышы тармактын бардык көйгөйлөрүн ачыкка чыгарган.
«Бөлүштүрүүчү энергетикалык компанияларды оптималдаштыруудан арткан 1.7 млрд сом тышкы карызды жабууга сарпталат», – деди Жапаров.