Канат Абдрахманов Экономика жана соода министринин жаңы орун басары болуп дайындалды
Бүгүн, 27-декабрда, аппараттык жыйында Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев министрдин жаңы орун басары Канат Абдрахмановду тааныштырды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
37 жаштагы Канат Абдрахманов буга чейин Экономика министрлигинде инвестициялык саясат жана соода бөлүмүнүн башчысы, Инвестициялар министрлигинде, Экономика жана соода министрлигинде кеңешчи болуп эмгектенип келген.