«Кыргызкөмүр» ишканасы Кара-Кечеден көмүр берүүнү токтотту
«Кыргызкөмүр» ишканасы Кара-Кече кенинен көмүр сатууну токтотту. Бул тууралуу аталган мамлекеттик ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Берилген маалыматка караганда, бул карьердеги тазалоо жана жаңы көмүр катмарын чалгындоо иштерине байланыштуу болгон. Ошол эле учурда Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү иштери кадимки тартипте жүргүзүлө бермекчи.
Көмүр берүү 2022-жылдын 10-январынан кийин жанданаарын мамлекеттик ишканадан билдиришти.