Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

КРдагы кара металлды ЕАЭБ бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга 6 айга тыюу салынды

Назира Абдиева

Кыргызстандан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын ЕАЭБ бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Кабыл алынган чечимге ылайык, КРдан кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихта куймаларын) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) 6 айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. 

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына кабыл алынган чечимде көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүүсү тапшырылды.

Белгилесек, кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу чечими документ расмий жарыяланган күндөн тартып, он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости