Кореялык SEEDON компаниясы КРнын айыл чарбасында долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Кореялык SEEDON компаниясы КРнын айыл чарбасында долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Кореялык SEEDON компаниясы КРнын айыл чарбасындагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Бул тууралу кечээ, 10-январда КРнын Кореядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Динара Кемелова SEEDON компаниясынын президенти Сон Хён Юль мырза баштаган кореялык делегация менен жолугушуу учурунда белгилүү болгон.

Элчиликтин билдиргенине караганда эки тарап Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы айыл чарба долбоорлорун талкуулашып, Кыргызстанда жашылча үрөнүн өстүрүү жана анын потенциалын жогорулатуу боюнча пикир алмашышкан.

Белгилей кетсек, аталган компания Кыргызстан менен 2012-жылдан бери кызматташып, пияз өстүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып келет.

SEEDON компаниясынын 8 өлкөдө кеңселери бар. Учурда ал КРнын айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайындагы расмий жардам долбоорлорун илгерилетүүгө кызыкдар экенин билдирип жатканын элчиликтин маалымат кызматы кабарлады.

Мындан тышкары окуңуз

Тигүүчүлөр үчүн киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү азаябы?

Тигүүчүлөр үчүн киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү азаябы?

Кыргызстанда тигүү тармагында иштеген кызматкерлер үчүн киреше салыгынын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкаларын төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору даярдалганын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков радионун түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, демилге президенттин тапшырмаларынын алкагында ишке ашырылып, иш менен камсыздоону "ачыкка чыгарууга" жана экспортту колдоого багытталган. Ошондой эле

Кыргызстан БУУдагы тынчтык диалогунун демилгечиси болду

Кыргызстан БУУдагы тынчтык диалогунун демилгечиси болду

Кыргызстандын демилгеси менен 2025-жылдын 15-декабрында Нью-Йорк шаарында Германиянын төрагалыгы астында БУУнун Тынчтыкты куруу комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жыйында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек ара маселелерин эл аралык укуктун алкагында, тынчтык жолу менен жөнгө салуудагы жетишкендиктери жогору бааланды. КРнын Тышкы иштер министринин

Казакстанда кремний эритмелерин чыгаруучу ири завод ишке кирди

Казакстанда кремний эритмелерин чыгаруучу ири завод ишке кирди

Караганда облусунда кремний эритмелерин чыгаруучу завод ишке киргенин tengrinews.kz сайты жазды. Жаңы ишкана кремний кластерин түзүү боюнча ири долбоордун биринчи этабы болуп саналат. Бул кластер чийки затты казып алуудан жана электр энергиясын өндүрүүдөн тартып, жогорку технологиялуу тармактар үчүн материалдарды чыгарууга жана андан ары күн панелдерин өндүрүүгө чейинки циклди камтыйт.

Кыргызстандыктар медициналык укуктарын санарип сервистен билсе болот

Кыргызстандыктар медициналык укуктарын санарип сервистен билсе болот

МинКаб жыйынында "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан эки жаңы реформанын жыйынтыгы чыгарылып, кыргызстандыктар "Саламаттыкка укук" сервиси аркылуу өздөрүнүн медициналык укуктары тууралуу маалымат ала алары маалымдалды. Мындан ары милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камтылган 5,2 миллиондон ашык жаран (калктын 70%ы) жеке медициналык укуктары жана