Садыр Жапаров: «Асман» шаарын курууга бюджеттен бир тыйын коротпойбуз

Садыр Жапаров: «Асман» шаарын курууга бюджеттен бир тыйын коротпойбуз

Асман шаарына казынадан бир тыйын коротпойбуз. Корото турган акчабыз да жок. Бул шаарга болжол менен 20 млрд доллардын тегерегинде акча кетет экен. Ошондуктан биз өзүбүздүн ички жана тышкы инвесторлорго жерлерди бөлүп беребиз. Алар салып, өздөрү сатып, пайдасын өздөрү көрөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «ВБ» редакциясына берген маегинде билдирди.

Президенттин айтымында, мамлекет болгону 10%га чейин квартира менен алат жана аны ипотекалык компания аркылуу элге берүүнү пландап жатат.

«Эгер мамлекетибизде 20 млрд доллар акча болгондо өзүбүз салып, 10 жылдан кийин бирге бир кылып, 20 млрд доллар таза киреше чыгарып алмакпыз. Өзүбүз сала албагандан кийин, салабыз деп жаткан инвесторлорго берели да. Азыр генералдык план иштелип жатат. Ал деле 1-2 жылда араң бүтчүдөй. Ал шаар башталып кетсе, минимум 200 миң адамга жумушчу орун пайда болот. Экологиялык таза шаар салынат. Бардык долбоорлорун, дизайндарын, иштин жүрүшүн өзүбүз көзөмөлдөп турабыз. Астана деле ушундай метод менен курулган», – деди Жапаров.

Мындан тышкары, президент Ат-Башыга салынбай калган логистикалык борбор тууралуу да сөз козгоп, убагында анын салынышына каршы болгонун, анткени бийлик тарабынан туура түшүндүрүү иши жүргүзүлбөгөндүгүн айтат.

«Толук изилдеп чыксам, бул долбоор биздин мамлекет үчүн, эл үчүн 100% пайдалуу долбоор болгон экен. Ал жерде ширеңкеден баштап электромобиль чыгарган заводдорго чейин салынмак экен. 25-30 миң жумушчу оруну түзүлмөк экен. Анан Ат-Башыга барып, эл менен жолугушуп түшүндүрүп айтып берсем, эл туура түшүндү да, салгыла деди. Азыр эми инвестор жок. Эл макул, инвестор каршы.

Асман шаары боюнча да ушундай болуп калбаш керек. Ат-Башы логистикалык борбору талкууланып жаткан убакта мен камакта жаттым эле. Мен деле эл тарап болуп каршы пикирде болчумун. Анткени бийлик элге толук түшүндүрүү иштерин жүргүзө алган эмес. Эгер толук түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө, эл деле туура түшүнүп, логистикалык борбор салынып калмак экен», – дейт Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Аль-Бухари" кафесинин бир бөлүгү демонтаждалууда

Бишкекте "Аль-Бухари" кафесинин бир бөлүгү демонтаждалууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Тыналиев көчөсүндө жайгашкан "Аль Бухари" кафесинин бир бөлүгүн демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бишкек шаарында жер тилкелерин берүү боюнча комиссиянын чечимине ылайык, ижара келишими токтотулган. Ушуга байланыштуу объектти бузуу (демонтаждоо) чечими кабыл алынган. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 340 чарчы метр

Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министрлиги кызматынан бошотулду

Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министрлиги кызматынан бошотулду

Президент Кыргызстан кол койгон жарлыкка ылайык, Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулганын президенттин басма сөз кызматы билдирди. Жакын арада Саламаттык сактоо министрлигинин башчысынын милдетин ким убактылуу аткарары жана кайсы талапкер Жогорку Кенештин кароосуна сунушталары күтүлүүдө. Каныбек Досмамбетов министрлик кызматка 2025-жылдын 24-декабрында дайындалган. 1-декабрдан тартып ал министрдин милдетин аткарып келген.

Быйыл жеңилдетилген лизинг программасынын алкагында  7 млрд сомго техника берилет

Быйыл жеңилдетилген лизинг программасынын алкагында 7 млрд сомго техника берилет

Кыргызстанда 2026-жылдын ичинде жеңилдетилген лизинг программасынын алкагында жалпы баасы 7 млрд сомду түзгөн 2 миңден ашык техника берилерин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери эле 584 млн сомго 854 техника дыйкандарга берилди. Мамлекет тарабынан машина-трактордук паркты жаңылоо максатында "Айыл

Бишкекте коомдук транспортто жол кирени төлөө боюнча рейддер күчөтүлдү

Бишкекте коомдук транспортто жол кирени төлөө боюнча рейддер күчөтүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасы жана Тулпар менен биргеликте Бишкек шаарынын коомдук транспортунда рейддик иш-чараларды улантууда. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө жүргүнчүлөрдүн жол кирени өз убагында төлөөсү жана накталай эсептешкен учурда жол жүрүү талонун алуусу көзөмөлдөнөт. Рейддер күн сайын саат 09: