Бишкекте "Аль-Бухари" кафесинин бир бөлүгү демонтаждалууда

Бишкекте "Аль-Бухари" кафесинин бир бөлүгү демонтаждалууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Тыналиев көчөсүндө жайгашкан "Аль Бухари" кафесинин бир бөлүгүн демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бишкек шаарында жер тилкелерин берүү боюнча комиссиянын чечимине ылайык, ижара келишими токтотулган. Ушуга байланыштуу объектти бузуу (демонтаждоо) чечими кабыл алынган.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 340 чарчы метр муниципалдык жер аянты бошотулат.

Демонтаж иштери жер пайдаланууда  тартип орнотуу жана шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткенде 27 млн сомдук жаңы көпүрө ачылды

Кыргызстан менен Азербайжан экология тармагында кызматташууну талкуулады

Түптө 5 жылда 55 ишкана ачылып, 900 жумуш орду түзүлдү

Ошто Ак-Бууранын жээгине дагы 2 чакырымга жакын веложол курулду

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү