Бишкекте коомдук транспортто жол кирени төлөө боюнча рейддер күчөтүлдү

Бишкекте коомдук транспортто жол кирени төлөө боюнча рейддер күчөтүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасы жана Тулпар менен биргеликте Бишкек шаарынын коомдук транспортунда рейддик иш-чараларды улантууда.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө жүргүнчүлөрдүн жол кирени өз убагында төлөөсү жана накталай эсептешкен учурда жол жүрүү талонун алуусу көзөмөлдөнөт. Рейддер күн сайын саат 09:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт. Орточо эсеп менен күнүнө онго жакын административдик протокол түзүлүүдө. Жол кирени төлөбөгөндүгү үчүн айып пул 1000 сомду түзөт.

Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Жол кирени өз убагында төлөп, түшүү-чыгуу эрежелерин сактоону, ошондой эле накталай төлөм жүргүзгөндө сөзсүз талон алууну өтүнөбүз, - деп айтылат маалыматта.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош шаарында жаңы Юстиция үйү ачылды

Нарында өнөр жай паркы түзүлөт

Бишкектеги паркка 85 түп эмен көчөтү отургузулду

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду