«Бишкек» ЭЭАда металлургиялык комбинат жана тери иштетүүчү завод ачылат
Бишкекте металлургиялык комбинат, ошондой эле тери иштетүүчү жана булгаары буюмдарын чыгарчу завод ачылат. Бул тууралуу «Бишкек» ЭЭАнын басма сөз кызматы билдирди.
АЭАнын өздөштүрүлбөгөн жерлеринде жылдык кирешеси 1 млн долларлык заводдорду жана фабрикаларды ачкан инвесторлор үчүн ижара баасы объектти куруу аяктаганга чейин бир жылга бекитилген ижара акысынын 1% өлчөмүндө белгиленет.
«Натыйжада эки ири инвестор тартылды. «Бишкек» ЭЭАнын жаңы жобосунун долбоорунун жана өндүрүш үчүн аймакты ижарага берүү үчүн жакшы шарттарды түзүүнүн аркасында жакында эки ишкана ачылат», – деп билдирди басма сөз кызматы.