Идрис Кадыркулов Украинага, Улукбек Марипов Сауд Аравияга Элчи болуп дайындалышты
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Улукбек Марипов КРнын Сауд Аравия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.
Ал эми Идрис Кадыркулов КРнын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.
Эске салсак, УКМКны 2018-жылдын апрель айынан 2019-жылдын майына чейин жетектеген Идрис Кадыркулов Кыргызстандын электрондук паспортуна бланктарды сатып алуу боюнча тендер чырынан кийин кызматынан кеткен болчу.
Улукбек Марипов 2021-жылдын февраль айынан октябрга чейин өкмөттү жетектеген.