Токтогулдагы суунун көлөмү апрелде 8 млрд куб метрдин тегерегинде болот
Токтогул суу сактагычында бүгүнкү күндө 9 млрд 270 млн куб метр көлөмүндөгү суу бар. 1-апрелге 8 млрд куб метрдин тегерегинде чыгабыз деген пландарыбыз бар. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев бүгүн, 26-январда ЖКнын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, республика учурда Токтогул ГЭСиндеги өндүрүштү азайтып, импорттон алып жатат.
«Азыр электр энергиясын коңшулаш мамлекеттерден жана Түркмөнстандан алып жатабыз. Ошонун негизинде быйыл Токтогулдагы суунун көлөмүн 8 млрд куб метрде алып калганга мүмкүнчүлүгүбүз бар», – деди ал.