Салык кызматы январь айында 10.3 млрд сом салык жыйнады
Салык кызматы 2022-жылдын январь айында мамлекеттик бюджетке 10 млрд 326.2 млн сом салык жыйнап бергенин билдирди.
МСК бекитилген план 106.4%га аткарылганын, тагыраак айтканда, 620.1 млн сомго ашык чогултулганын кабарлады.
Берилген маалыматка ылайык, 2021-жылдын январь айына салыштырмалуу салыктар 3 млрд 770.2 млн сомго көп жыйналган же өсүү темпи 157.5 %ды түзгөн.